ВАЛИМЖАН ТАҢЫРЫКОВ: «СИРИЯ ДА ИРАК СЫЯКТУУ ДИКТАТОРДУК РЕЖИМГЕ ЫКТАГАН ӨЛКӨ»

Кыяс Молдокасымов, Бишкек «Иракта согуш аяктады. Өлкөдө демократиялык жараяндар башталат. Эми кезекте - Сирия. Мен 5 жыл Сирияда иштеп, ал жердеги саясий кырдаалды жакшы билем. Ошондуктан Сирияга демократиялык түзүлүш орнотуш үчүн АКШ аракеттенээри анык» деп эсептейт Бишкек гуманитардык университетинин жана Дипломатиялык академиянын окутуучусу Валимжан Таңырыков «Азаттыкка» куруп берген маегинде.
- Валимжан мырза, өткөндө «Азаттык» радиосуна интервью берген учуруңузда Ирак маселесине токтолуп, Ирактын баары бир Америкадан жеңилишин, ошондой эле көп каршылык көргөзө албастыгын айттыңыз эле. Мына эми Иракта негизинен Америка өз жеңишине жетти. Эмне себептен өтө тездик менен жеңишке жетип алды деп ойлойсуз?

- Биринчиден, Ирак эли 30 жыл арасында Саддам Хусейндин бийлигин астында абдан кыйналып келген. Ал эми теледен көрсөткөн, газеталарга жазылган, радио боюнча берилген макалаларда Ирактын эли кыйкырып, демонстрация уюштуруп, «биз Саддам Хусейнди колдойбуз, Саддам Хусейн үчүн өлөбүз» дегенинин баары жасалма. Мен мурда айтып кеткемин, «эл баары бир Саддам Хусейнди колдобойт, бир да мамлекет «Иракка жардам беребиз» деп келбейт» деп. Себеби, араб мамлекеттеринин ортосунда өзгөчө мамилелер бар. Булар эч убакта биригип, душманга бир адам катары каршы чыгышпайт.

- Ирактын келечектеги мамлекеттик түзүлүшү кандай болот деп ойлойсуз?

- Азыр Америка Кошмо Штаттарынын максаты боюнча Иракты демократташтыруу маселеси каралууда. Саддам Хусейнге каршы болгон Челеби деген мырза 30 жылдан бери Ирактан тышкары жашап келген. Азыр ал Багдадга келип, өзүнүн программасы боюнча Ирактын ичиндеги бүт демократтык күчтөрдүн башын кошууга аракет кылып жатат. Араб өлкөлөрүндө демократияны киргизиш - өтө оор нерсе. Ал араб элдеринин ой жүгүртүүсүнө, дүйнөтаанымына, жашоо шартына жана мамлекеттик түзүлүшүнө ылайык келбейт. Бирок Ирактагы демократтык күчтөрдүн баарын бириктирип демократия болбосо дагы, демократияга окшоштуруп түзүм уюштурулат деген ойдомун.

- Сиз беш жыл Сирияда иштеген адис катары Сирия менен Американын ортосундагы мамиле кандай өнүгүшү мүмкүн деп ойлойсуз?

- Азыр Америка Кошмо Штаттары Сирияга күнөө такканы – «Ирактын химиялык жана бактериологиялык куралдарын Саддам Хусейн жашыруун түрдө Сирияга жөнөтүп таштаган. Азыр Сирия ошол куралдарды жашыруун кармап турат» деген биринчи айыптоосу. «Саддам Хусейндин кишилери, мамлекетке жана өкмөткө тиешелүү кишилеринин бардыгы качып, азыр Сирияда жүрөт» деген экинчи кине бар. Бул саясий кине. «Сирия да Иракка окшоп, химиялык жана бактериологиялык куралдарды чыгарып жатат» деген дагы бир кошумча кине коюлууда. Ал эми эң негизгиси - Сириянын жери аркылуу Ирактын түндүгүндө жайгашкан, нефтиге абдан бай, эң күчтүү түтүктөр Жер Ортолук деңизине кетет. Азыр АКШ Иракты баш ийдирип алгандан кийин биротоло Сирияны да баш ийдирип алып, нефтини өз колуна алгысы келет деп ойлойм. Анан, Сириянын мурдатан эле Америка менен болгон мамилелери абдан начар. Советтер Союзунда Сирияны курал менен жабдыганбыз. Мен өзүм ошол жерде беш жыл иштеп, Сириянын бүт шаарларында болгом. 1967-жылкы араб-израиль согушунан кийин Сирия өзүн Америкага каршы койгон. Кийин өзүн Израилге да каршы коюп, куралдуу күчтөрүн Регевандабека деген өрөөнгө алып кирип, Ливанды да колдоп, Израилге каршы күрөшкөн күчтөрдү да колдоп келген. Азыркыга дейре ошол күчтөр алып чыгарыла элек.

- Айрым дүйнөлүк саясатчылар да айтып атышат, «буга эң оболу Сириядагы диктаторлук режим башкы себеп болуп атат» деп. Ошол боюнча да сиздин пикириңизди уккубуз келет.

- Мен Сирияда 1964-жылдан 1968-жылдын аягына чейин кызмат кылгам. Ошол убакта Хафез Асад – Аскер-Аба Күчтөрүнүн башкы командачысы менен иштегем. Мен ошол киши менен котормочу катары көп иштедим. Ал 1957-жылы чет мамлекеттердин учкучтарын даярдоо боюнча Бишкектеги аба окуу жайын бүткөн. 1967-жылкы Израил согушунан кийин Хафез Асад коргоо министри болуп дайындалган. Коргоо министри болуп дайындалганда ошол киши менен эки жыл иштедим. Чындыгында Сирия да Иракка жакыныраак эле диктатордук мамлекет болчу. Себеби, Хафез Асад өзү диктаторлук иш жүргүзүп, Сирияны абдан катуу кармап келген. Ал киши каза болгондон кийин баласы Башер Асадды президенттике көрсөтүштү. Бирок анын жашы жетпей калып, Конституцияны кайра карап чыгып, президенттике болгон талапкерликтин жашын бир жылга жашартып, Башер Асадды президент кылып шайлашты. Ошол өзү да атасынын жолун жолдоп кеткен көрүнөт. Ошон үчүн Америка буларда да диктатура бар деп эсептеп атат. Сирияны да демократташтыралы деген үмүтү болушу мүмкүн.

- Америка менен Сириянын ортосундагы мамиле эмне менен аякташы мүмкүн?

- Эки күн мурда Сириянын тышкы иштер министри Шараа мырза «Сирияда эч кандай химиялык жана бактериологиялык куралдар жок. Биз Саддам Хусейндин куралдарын алып келип жашырганыбыз жок. Бизде Саддам Хусейндин өкмөтүнүн мүчөлөрү качып келип, жашынып жаткан жери жок» деп бардыгын танды. Бирок ошого карабастан Америка Кошмо Штаттары дагы бир себеп таап, кол салышы мүмкүн. Жорж Буш Ак Үйдө өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө тикеден-тике «биз Сирияга чабуул жасайбыз, кол салабыз» деп айткан жок. Келечеги, менин оюмча, абдан начар.