Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев палатанын иши тууралуу маалымат берди

БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев бүгүнкү маалымат жыйынында парламент мөөнөтү бүткөнгө чейин өз милдетин аткараарын белгилеп, Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таратылышы тууралуу божомолдорду төгүнгө чыгарды. Төрага маалымат жыйынында палатанын үч жылдык ишинин жыйынтыгына басым жасады. Өткөн үч жыл ичинде Эл өкүлдөр жыйыны 727 токтом, 64 мыйзам кабыл алды жана Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган 133 мыйзамды жактырды. Спикердин айтымында, акыркы үч жылда Эл өкүлдөр жыйыны парламент аралык тышкы байланышты чыңдады. КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын, Парламент аралык бирикменин, Евразия Экономикалык Шериктештигинин жана ЕККУнун парламент аралык ассамблеяларынын алкагында кызматташтык алакалар жаңы баскычка көтөрүлдү. Орусия, Беларусь, Германия, Кытай, Чехия, Түркия өңдүү мамлекеттер менен байланыштар өркүндөтүлдү.