Генерал Томми Фрэнкс Багдадга келип кетти

Ирак согушундагы АКШлык күчтөрдүн командачысы, Томми Фрэнкс 16-апрелде биринчи ирет Багдадда болду.
Катардагы АКШлык күчтөрдүн командалык борборунун өкүлү, полковник Фанто Жефф генерал Фрэнкс офицерлер менен кездешти деп, башка эч кандай маалымат бербеди.