Сирия Жакынкы Чыгышты массалык кыргын салчу куралдардан тазалоону сунуш кылмакчы

Сирия жакында БУУнун Коопсуздук Кеңешине Жакынкы Чыгышты массалык кыргын салчу куралдардан эркин аймакка айлантуу жөнүндөгү резолюциясынын долбоорун сунуш кылат.
Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бузайна Саабан айым билдирди.
АКШ кийинки жумаларда Сирияны химиялык куралдары бар деп күнөөлөп жүрөт.
Ырасмий Дамаск айыптоону четке кагып, массалык кыргын салчу куралдар региондогу өлкөлөрдүн ичинен АКШнын жакын ынтымакташы, Сириянын жоосу Израилде гана бар деп ырастоодо.
Израил өзүндө массалык жок кылчу куралдары бар экенин эч качан мойнуна алган эмес.
Кечээ күнү Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон Жакынкы Чыгышта массалык кыргын алып келчү куралдардын болбосун каалайт деп билдирген.