Милошевичтин сотундагы күбөнүн аты-жөнүн ачыкка чыгарган редактор жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Гаагадагы Согуш трибуналы черногориелик "Дан" гезитинин баш редактору Душко Йовановичке "мурдагы Югославиянын экс-президентинин үстүнөн жүрүп жаткан сот ишинде буга чейин "К-32" деп аталып келген күбөнүн ысмын жарыялаганы үчүн айып такты.
Күнөөсү далилденсе, Йованович жети жылга эркинен ажыратылып, 100 миң евро айыпка жыгылышы мүмкүн.