«НАСААТ-НАМЭ» ЖӨНҮНДӨ БАЯН

Көчкөн Сактанов, Бишкек Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө Бириккен Улуттар Уюмуна чейин колдоого алынып, аны өткөрүү иш-чарасына коомчулук тарабынан азыр кызуу даярдык жүрүп жаткан учур. Бирок, 2200 жылдыкты өткөрүү жөнүндө коомубузда ар кандай пикирлер айтылып, кээлери «бул дата так эмес» десе, кээлери «ушуну өткөрүүнүн кереги барбы» деген өңдүү кайчы пикирлер айтылууда. Бул тууралуу Кыргыз илимдер академиясынын кызматкери, окумуштуу Омор Сооронов ой бөлүшөт.
- Омор мырза, окумуштуу катары бул окуяга пикириңиз кандай?

- Академиянын фондунда сакталып турган материалдардын ичинде ушул «2200 жылдык» деген маанилүү тарыхый ишке факты болуп бере турган материалдар бар экенин көрдүм. Борбордук Азия элдеринин ичинен эң эски эл деп кыргыз эли айтылып жүрөт. Мындай болгон соң бул маселени тарыхта айтылган материалдар менен тактап алышыбыз керек. Дал ушул маселелердин тегерегиндеги фактылар кол жазма фондунда бар экенин көрдүм.

- Омор мырза, дагы бир суроо, ушул баш санжырада кыргыз эли жөнүндө маалымат барбы?

- «Насаат-намэнин» эң аягында «Кыргыз элинин баяны» деген бөлүм бар. «Кокон ханы Кудаяр хан таптакыр эле каны кыргыз болгон болгон эмес, бизди эзген» деп окуп түшүнүп калганбыз да. Бирок «Насаат-намэге» караганда ал башка бир да элдин тарыхын жазган эмес. Кыргыздын тарыхы жазылган. Анда эмне деп айтылат? «Кыргыздар Өгүз хандын небереси. Алар Салангар жана Анкарамдар деген эки дайранын ортосунда жашашат. Аларга жакын Диран, Сибирь деген өлкөлөр бар» дейт. Эми кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын ушул «Насаат-намэден» чыгарсак болот. Мисалы, 2200 жылдыкка байланышкан гана жерин айтайын. Түрк балдары, Ысыккөлгө Мухамбет Пайгамбарынын хижира жыл санагына чейинки 3461 жыл мурда келген. Ошондо 3461ден хижара жыл санагы канчанчы жыл болуп атат? Жаңы замандын 622-жылы болуп атат. Ошондо 3461ден 622 жылды алып салсак, жаңы эрага чейин 2839-жылы түрктүн балдары Ысыккөлгө келген экен. Ойлонуп отурсаң жыйынтык чыгат. Демек, ушул Ысыккөлдө, Алатоодо кыргыздар калган экен десек болот. Жаңы эрага чейин 2839 жыл мурун Ысыккөлгө келсе, анан «жаңы эра башталганга чейинки, ошончо жыл ичинде мамлекет курушу мүмкүн, кыргыздар» деген жыйынтык келип чыгат.

- Ушул санжыра–намэде эл ушуга чейин укпаган жаңы материалдар барбы?

- Сурооң катуураак сөз айттырып жибере турган суроо. Академиянын кол жазмалар фондунда узундугу 5 метр келген санжыра жазылып турса, ушуну бир да тарыхчы, же адабиятчы, же бир интеллигент келип көрүп, «ушундай «Насаат-намэ» бар экен» деп жазып койбогондоруна абдан өкүнөмүн. Санжырада бир нерсени байкадым. «Алтынбешик» жөнүндө көп айтылып жүрөт. Ушу санжырада Алтынбешиктен Кудаяр ханга чейин көрсөтүлүп турат. Алтынбешиктен Кудаяр ханга чейин үч Ажыбек деген бар. Биз ошол үчөөнү Таластагы Ажыбек датка деп эле түшүнө берет экенбиз. Хан тукум деп аталган Ажыбек бар экен. Аны кийин Кыяз алып келген. Молдо Сабыр экөөбүз которо баштаган материалда да бар. Магзуми деген жазган экен. Кыяз алып келген экен, которулуп бүтө элек. Ошондо да Ажыбектин балдары жана башкалары бар. Бул бир. Экинчиси, ушунча элдин ичинен башканы жаздырбай кыргызды жаздырат. Ушундан улам мен Кудаяр хандын негизи түбү кыргыз экен деп койдум. Мына ушундай биз билбеген көп нерселер «Насаат-намэден» чыга турган.