Бүгүн Бишкекте Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму болуп, анда коррупцияга каршы күрөш жана энергетикалык коопсуздук маселелери талкууланды. Отурумда президент Аскар Акаев бул эки маселени жөнгө салуу өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн башкы булагы экенин белгиледи.
Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму биринчи маселени жыйынтыктоо учурунда Коррупцияга каршы саясат агенттигин жана Мамлекеттик бюджетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүү чечимин чыгарды. Бул уюмдар «Ак ниет башкаруунун стратегиясын» иштеп чыга турган болду. Коррупцияга каршы стратегия күрөштүн жаңы нугун көрсөтүүгө тийиш. Президенттин айтымында бул программа ак ниет башкарууга системалуу өтүүнүн, коррупцияга каршы күрөштүн, ага коомдук көзөмөлдүн механизмдерин иштеп чыгышы керек.
Мындай кадам утурумдук өнөктүк үчүн эмес, ырааттуу иш жүргүзүш үчүн зарыл экендигин президент Аскар Акаев отурумдун башында эле эскерткен:
- Ак ниет башкарууну бекемдөө менен биз коррупцияны чукул азайтуу, жана акырында коомду андан куткаруу боюнча стратегиялык милдетибизди аткарабыз. Биз буга токтоосуз киришишибиз керек.
Коррупцияга каршы күрөш боюнча негизги доклад жасаган премьер-министр Николай Танаев бүгүнкү коррупция өлкөнүн коопсуздугун, улуттун кызыкчылыгын туңгуюкка такап, демократиялык өнүгүүнү артка тартып жатканын белгиледи. Коррупция бардык мамлекеттик органдарды туташ ээлеп, анын кесепеттери экономикалык жана саясий стабилдүүлүккө доо кетирип жаткандыгын ушул эле отурумда күч органдарынын башчылары өз мисалдары менен негиздешти. Кызматтан кыянаттык менен пайдалануу, паракордук өңдүү нерселер азыр бардык чөйрөдө кадырэсе эле көрүнүшкө айланып баратат. Келтирилген мисалдарга караганда, коррупциянын ар кандай кесепеттеринен улам бюджет өткөн жылы 12% зыян тарткан.
Коопсуздук Кеңешинде коррупцияга каршы күрөш маселесин жыйынтыктап жатып президент А.Акаев азыр өлкөдө коррупциянын жаңы түрү пайда болгонун мындайча белгиледи:
- Азыр мамлекеттик органдарды кандайдыр-бир чечим, мыйзам, токтом кабыл алууга аргасыз кылган коррупциянын жаңы түрү пайда болду. Адистердин тили менен айтканда, бул мамлекетти басып алуу дегенди билдирет. Бүгүн жөн салды эле экономикалык кылмыштуулук, жөн эле ар кыл структуралардын коррупцияланышы эмес, коррупциялашкан элементтердин мамлекетти басып алуусу жүрүп жатат.
Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин билдиргенине караганда, кылмыштардын ар бир төртүнчүсү кызматтан кыянаттык менен пайдаланууга жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу болууда. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Кыргызстандын жарандарынын ар бир үчүнчүсү коррупция өлкөнүн өнүгүшүн артка тарткан башы тоскоолдук деп эсептейт. Муну Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү ар кандай себептер менен, анын ичинде акыркы жылдардагы ички саясий туруксуз кырдаал менен түшүндүрүүгө аракет кылышты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев ушундай эле көз карашын билдирди:
- Азыр кырдаал жанданууну талап кылууда. Мен бул сөздү айткандан коркпойм, бул жерде сөз ички коопсуздук жөнүндө болуп жатат.
Энергетика коопсуздугуна байланышкан экинчи маселе боюнча чукул чараларды көрүү тиешелүү тармактарга жүктөлдү. Отурумдагы талкууда отун тармагындагы азыркы кризистин негизги себептеринин бири тармактардын коррупцияланышы менен байланыштырылды.