АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Катардагы "Ал–Жазира" телеканалын Ирактагы согушту жана АКШнын андагы ролун калыс чагылдырбай жатканы үчүн айыптады. Маселен, америкалык расмий өкүлдөр "Ал- Жазира" туткундалган же курман болгон америкалык жоокерлерди көргөзүү менен Согуш туткундары жөнүндөгү Женева конвенциясын бузууда деп эсептешет. "Ал-Жазира " өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Иракта согуш аракеттери башталгандан бери алардын көрөрмандарынын саны 10% га жогорулаган. "Ал-Жазира" – араб тилиндеги телеканал.