КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨРДҮ КОРГОО - АЛАРДЫН ӨЗ ИШИ

Сапар Орозбаков, Бишкек Сатылып жаткан товарлардын сапатын көзөмөлдөөчү органдар өз милдетин жакшы аткара албагандыктан, дүкөндөрдө жана базарларда сапатсыз товарлар көп. Эми бул органдардын иш милдети өзгөртүлөт жана алардын ишканаларды текшерүүсүнө тыюу салынат. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо милдети мындан ары бейөкмөт уюмдардын мойнуна жүктөлөт.
Базар экономикасы ишкерлик кылып, акча табууга мүмкүнчүлүк берди. Бул жакшы. Бирок бул мүмкүнчүлүктөн кыянатчылык менен пайдаланып, эптеп алдап акча табуунун артынан түшкөндөр да жок эмес. Азыр базардын баары үйдө ары-бери жасай салган тамак-ашка толуп кетти. Аны да атайын бөлүнгөн жерде эмес, көчөгө отура калып сата беришет. Өнөр жай товарлары боюнча абал да андан кем калбайт. Базардан кийим сатып алсаң жалтырап сонун эле көрүнөт. Кийе келсең - бир айга да жетпей бир жеринен сөгүлөт же айрылат. Үйдө эч кандай технологиялык тартипти сактабай ары–бери тиге салган кийимге чет өлкөлүк кадыр-барктуу ишканалардын этикеткасын чаптап коюп саткандар көп кездешет.

- Бүткүл республика боюнча ич келте менен ооругандардын саны 18% өстү. Бул оору Баткен облусунда катталды. Ал үйдүн бир бурчунда жасай салынган балмуздакка байланыштуу келип чыкты. Андан 100дөн ашун адам ич келте менен ооруду. Ич өткөк менен ооругандар да көбөйүп жатат. 2001-жылы аны менен 2100 адам ооруса, 2002-жылы мындай оорукчандардын саны 2500 адамды түздү, - дейт Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Сабыржан Абдыкаримов.

Анын айтымында, санэпидстанциялар өткөн жылы 3 миң текшерүү жүргүзүшкөн. Алардын 1365инде тамак-аштын сапаты талапка жооп бербегендиги катталган.

Товарлардын сапатын көзөмөлдөө милдети Антимонополдук комитетке, Мамлекеттик стандарт жана метрология боюнча агенттикке, санэпидстанцияларга жана башка органдарга жүктөлгөн. Бирок алар өз милдетин жакшы аткара албай келишет. Эми абал андан да татаал болоорун айтышууда. Анткени, биринчиден, президент өткөн жылы өз указы менен алардын текшерүүсүнө тыюу салып койгон. Азыр бул көзөмөлдөө органдары адамдар арыз менен кайрылган учурда гана ишканаларды текшере алышат. Экинчиден, азыр өлкөдө «Техникалык жөнгө салуу жөнүндө» жаңы мыйзам даярдалып жатат. Ага ылайык мамлекеттик стандарттын иш милдети кескин өзгөрөт.

- Мамлекет буга чейин мамлекеттик стандарт аркылуу рынокту сапатсыз жана зыян келтирүүчү товарлардан коргоп келген. Андай кылуунун кереги жоктугун жана рынокту антип коргоо мүмкүн эмес экенин биздин өзүбүздүн тажрыйба көрсөттү. Ошондуктан биз мамлекеттик стандарт саясатын өзгөртүү зарыл деген тыянакка келдик. Мамлекет керектөөчүлөргө зыян келтирчү товарларга гана көзөмөл жүргүзүшү керек деп эсептейм. Ал эми товарлардын сапатына көзөмөл болсо, бул рыноктун иши, - дейт Стандарт жана метрология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Батырбек Давлесов.

Анын айтымында, эми сапат тууралуу сертификаттар милдеттүү болбой калат. Ишканалар аны кааласа алат, каалабаса ансыз эле өндүргөн товарын сата берет. Кыскасын айтканда, өкмөт «керектөөчүлөрдүн укугун коргоо - алардын өз иши» деп эсептейт.

- Мамлекет бул маселени бир жактуу чечпеши керек. Инвестициянын келишине шарт түзүшү зарыл. Ишкерлерди колдош керек. Текшерүүнү азайтыш керек. Ошол эле учурда элдин кызыкчылыгын коргой турган мамлекеттик органдар да болуш керек. Ошол эле антимонополдук комитет, мамлекеттик стандарт, санэпидстанция кала бериш керек. Буларга коомчулуктун өкүлдөрү – бейөкмөт уюмдар жардам бериши зарыл. Мына Мамлекеттик стандарттын жетекчиси айтып жатат, «көзөмөлдү азайтабыз» деп. Ким көзөмөлдөш керек анда? Коомчулук көзөмөлдөш керек. Бизде керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук уюмдар бар. Алар жер-жерлерде да бар. Ошолор жоопкерчиликти мойнуна алышы керек, - дейт Антимонополдук комитеттин төрагасы Эмилбек Узакбаев.