СЕРБИЯ ЖИНЖИЧ МЕНЕН КОШТОШТУ

Белградда киши колдуу болуп каза тапкан премьер-министр Зоран Жинжичти акыркы сапарга узатуу каадасы болуп, маркумдун сөөгү шаардын борборундагы көрүстөнгө коюлду. Аза күтүү каадасына Сербиянын миңдеген катардагы жарандары жана 40тан ашуун мамлекеттердин өкүлдөрү катышышты. Сербия - Жинжичтин өмүрү кыйылган шаршембиден бери өзгөчө кырдаал абалында жашап жатат.
Премьер-министр Зоран Жинжичти акыркы сапарга узатыш үчүн Сербияга бардык коңшулаш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары, Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди, Европа Кеңешинин башкатчысы Вальтер Швиммер баштаган чет мамлекеттердин өкүлдөрү келишти. Былтыр күздө эки жолку шайлоого эл аз катышкандыктан, президентсиз жашап жаткан Сербияда премьер-министр Жинжич бейажал каза тапкан шаршембиден тарта саясий кризис тереңдеп, өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилген бойдон. Экс-Югославиянын ордуна көз карандысыз Сербия мамлекетин түптөөгө, анын алдыңкы Европа өлкөлөрү менен алакаларын жакшыртып, демократиялык өнүгүү жолун тандашына чыйыр салган саясатчы, 50гө жаңыдан чыккан Жинжичтин күтүүсүз өлүмүнө кабыргасы кайышып, аны менен коштошууга келген миңдеген катардагы сербдер ишембиде Белграддын чак борборуна чогулушту.

Маркум Зоран Жинжичти көпчүлүк эл экс-Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичти бийликтен кулатууга чоң салым кошкон саясатчы деп эсептешет. Андыктан эки жылдан бери Гаагадагы эл аралык трибуналда соттолуп жаткан Милошевичтин иши Жинжичтин өлүмүнөн улам ого бетер татаалдаша түшкөнсүдү. Кантсе да Зоран Жинжич Милошевичти Гаагадагы трибуналга өткөрүп берүүнүн башында турган эмеспи. Байкоочулар эл аралык трибуналга эми мурдагы Югославиянын аймагындагы кандуу уруштар учурундагы кылмыштары үчүн ал кездеги серб аскербашчыларын жоопко тартуу да кыйындай тургандыгын айта башташты. Анткени айрым адамдар сербдердин уюшкан кылмыштуу топтору Жинжичти дал ошол Милошевичти Гаагага өткөрүп бергени үчүн жазалашты деген пикирде. Эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла дель Понте да мындай пикирлерди бекемдеп,жума күнү дүйнөлүк маалымат каражаттары жарыялаган интервьюсунда: "Жинжич – биздин Белграддагы ишенген башкы кожобуз эле, Сербия-Гаага кызматташтыгы орду толгус жоготууга учурады", - деп белгиледи.

Серб өкмөтү жума күнү тараткан билдирүүдө Жинжичтин өмүрүнө кол салгандар – экс-президент Слободан Милошевич менен тыгыз байланышы бар адамдар катары көргөзүлөт. Серб полициясы 3 күн ичинде 100дөн ашуун кишини камакка алып, шаршембидеги кыянатчыл ишти "Земун" кланы аттуу кылмыштуу топ уюштурду деген божомолун маалымдаган.

Маркум Жинжич башында турган Сербиянын Демократиялык партиясы жекшембиде чукул жыйынын өткөрүп,парламенттик шайлоодо жеңген кыймыл катары жаңы премьер-министрдин кандидатурасын сунуш кылат деп айтылууда. Жинжичтин саясий шакирти, мурдагы Югославиянын ички иштер министри Зоран Живковичтин Демократиялык партиянын жаңы лидери жана серб өкмөт башчысы болуп шайлана турганы азыртадан эле дээрлик чечилип калган маселе катары айтылууда. Белграддык гезиттер ишембиде Живковичтен башка татыктуу адам жок, ал – Жинжичтин реформатордук ишмердигин улантып кете алат деп жазып чыгышты.