Түркиянын "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган 14-мартта премьер-министрлик кызматка расми түрдө киришти. Президент Ахмет Неждет Сезер бүгүн Эрдоган сунуштаган өкмөт курамын бекитти. Мурдагы премьер-министр Абдулла Гүл болсо, тышкы маселелер үчүн жооптуу вице-премьер-министр болуп дайындалды.