КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШКЕРЛЕРДИН КӨБҮ ӨЗ БИЗНЕСИНИН КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНЕТ

Сапар Орозбаков, Бишкек Бишкектеги «Коомдук пикирди иликтөө жана божомолдоо борборунун» жана «SBDC Consult» фирмасынын сурамжылоосуна караганда, майда жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жарымына жакыны өз ишин кеңейтүүнү ойлоп жатышат. Алар ишкерликке тоскоол болуп жаткан фактор деп биринчи кезекте финансылык каражаттын тартыштыгын аташкан.
Бишкектеги «Коомдук пикирди иликтөө жана божомолдоо борбору» жана «SBDC Consult» фирмасы жүргүзгөн сурамжылоого караганда майда ишкерлердин көбү өз ишинин келечегине ишенет.

- Биз ишкерлерге: «Алдыдагы 2 жыл ичинде өзүңөрдүн бизнесиңерден эмне күтөсүңөр?» - деп суроо койдук. Ишкерлердин 48% «биздин бизнес кеңейтилет» деп жооп беришти. 18% «өзгөрүүсүз калат» деп, 5% «кичирейет» деп, 29% болсо «билбейбиз» деп жооп беришти. Ишкерлердин алдында көйгөйлүү маселелердин көп экенине карабастан, ишкерлердин жарымына жакыны ишин кеңейтээрин белгилеп жатышат, - деди сурамжылоону уюштуруу милдетин аткарган «Прома» долбоорлорду башкаруу агенттигинин директору Нурлан Жолдошев. Анын айтымында, иликтөөнүн максаты - чакан жана орто бизнести өнүктүрүш үчүн тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгуу максатында аналитикалык материал даярдоо болгон. Сурамжылоого өлкөнүн булуң-бурчунан 3022 ишкер катышкан.

Нурлан Жолдошев бишкектиктерге жана чүйлүктөргө караганда оштуктар жана таластыктар өз бизнесинин келечегине көбүрөөк ишене турганын белгиледи. Андайлардын саны Чүйдө 36% болсо, Ош менен Талас облустарында 62% жетет. Чынын айтканда бул маалымат бир караганда логикага анча коошо бербейт. Ишкерлердин киминен сурабагын ага тоскоол болгон толгон-токой мисалдарды келтиришет. Ошондуктан орто жана чакан бизнес өнүкпөй эле, артка кетип жаткандай таасир калат. Түштүктүн эли Бишкекке келип, борбордо акча табыш жеңилирээк деген түшүнүктө. Социологиялык иликтөө болсо, тескерисинче, ишкерлик кылуу жер-жерлерде оңоюраак экендигин көрсөтүп жатат. Биз буга түшүндүрмө берүүнү өтүнүп белгилүү ишкер, Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановго кайрылдык.

- Экономикада бир мыйзам ченемдүүлүк бар, - дейт Өмүрбек Абдрахманов. – Канчалык деңгээл төмөн болсо, ошончолук бизнес башында тез өнүгөт. Мурда Ош менен Таластын ишкерлери уктап жатышкан. Эми алар кыймылдай баштаса керек. Бул жакшы көрүнүш.

Ишкерлердин арыз-муңун сурай келгенде, алар адегенде эле салык жөнүндө айтышат. Алар адатта «салык чоң болуп, биз өсүп-өнүгө албай жатабыз» деп келишет. Аталган социологиялык кызматтын өкүлдөрү болсо, көйгөйлүү маселелер жөнүндө сураганда бизнесмендер биринчи болуп акчанын тартыштыгын көрсөтүшкөнүн белгилешет.

- Биз андан тышкары «Силердин бизнесиңердеги негизги маселелер кайсылар?» - деп сурадык. Ишкерлердин 74% «финансылык ресурстардын жетишсиздиги жана кредит алуудагы кыйынчылыктар» деп, 50% «элдин аларман катары чамасы чарк» деп, 36% «материалдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгы» деп, 35% «салык жана бажы тоскоолдуктары» деп жооп беришти, - деди Нурлан Жолдошев.

Бирок анын айтымында, ошол эле учурда ишкерлердин 56% «азыркы салык менен өсүп-өнүгүш мүмкүн эмес» дешкен. Акча чыны менен эле жетишсиз дейин десең, чакан жана кичи бизнеске арналган бир катар кредиттик багыттар бар. Алардын акчасын алганга киши табылбай, көптөгөн суммалар жылдан жылга өтүп берилбей калып жатканы көпчүлүккө маалым.

- «Акча болсо эле кыйратам» деген бинесмендердин оорусу. Алар салык төлөбөгөндөр болсо керек. «Көмүскө экономиканын үлүшү 70%» деп жатышпайбы. Ошол көмүскөдөгүлөр сурамжылоого кирип кеткен көрүнөт. Салыкты толук төлөсөң эмне биринчи экенин ошондо гана сезесиң. Менин оюмча биринчи орунда - салык. Андан кийин административдик башкаруунун начарлыгы - текшерүүлөр жана бюрократия, – дейт Өмүрбек Абдрахманов.