БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ БАГДАД РЕЖИМИНЕ КАРШЫ СОГУШ АЧУУ ҮЧҮН АКШга УРУКСАТ БЕРЕБИ?

Иракка каршы согуш башталышы мүмкүнбү же жокпу? Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши АКШ, Британия жана Испания сунуштаган резолюция долбоорун кабыл алабы? Эл аралык коомчулук дал ушул суроолордун жообун санааркоо менен күтүп жаткан маалда, бири-бирине кайчы маанайдагы дипломатиялык иш-аракеттер чамдады.
Келээрки аптада, балким, шейшемби күнү, Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңеши Иракка карата жаңы резолюциянын долбоорун талкуулап, кандайдыр-бир бүтүмгө келүүсү ыктымал. АКШ, Улуубритания жана Испания сунуштаган долбоордо: “эгерде 17-мартта же ага чейин Коопсуздук кеңеши Ирак өзүн куралсыздандыруу боюнча толук, эч шартсыз, дароо жана жигердүү кызматташууга барды деп тыянак чыгарбаса”, анда Ирак өз мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган болот деп айтылган; башкача айтканда, 17-марттан кийин маселени тынчтык жолу менен чечүү аракети соңуна келип, Багдад режимине каршы аскердик өнөктүк үчүн жол ачылууга тийиш.

Орусия ишемби күнү да согуш ыкмасына каршы мурдагы пикирин кайталады. Эгерде Кошмо Штаттар БУУнун уруксатысыз Иракка каршы согуш аччу болсо, анда бул – БУУнун Хартиясын одоно бузууга барабар, деп тышкы иштер министри Иванов эскертти. Ал жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинде мындай деп сүйлөгөн:

- Деги, курал-жаракты көзөмөлдөөчүлөрдүн ишин кескин токтотуу, муну менен Ирактагы улам күч алып келе жактан куралсыздандыруу жараянын жокко чыгаруу – акылга сыябы?

Иванов мырза БУУнун Хартиясына каршы кадам жасалчу болсо, анда Коопсуздук кеңеши тийешелүү чечим чыгарышы керектигин ишембиде баса белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн ичинен согуш ыкмасына каршы чечкиндүү турган дагы эки өлкө - Франция менен Кытай. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен жекшембиде Гвинея, Камерун жана Анголага келип, Коопсуздук кеңешинин бул африкалык мүчөлөрүн өз жагына тартуу аракетин жасамакчы.

АКШ болсо президент Буштун улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райсты Орусияга аттандырып, президент Путиндин тамырын кайра тартышы да ыктымал.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жума күнү Коопсуздук кеңешинде чыгып сүйлөп, Саддам Хусейн үчүн улам жаңы мөөнөт берип, Иракты куралсыздандыруу маселесин создуктуруунун кажети жоктугун айткан:

- Эми Коопсуздук кеңешине Саддамга кайрылып, анын айла-амалга жана будамайлоолорго баруусу үчүн убакыт калбай калганын айтуу учуру келди. Коопсуздук кеңешине сунушталган резолюция долбоору – талапка ылайык деп ишенебиз. Жакынкы күндөрү биз аны Коопсуздук кеңешинде добушка коюуга тийишпиз.

Пауэлл өзү да БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчө өлкөсүнүн айрымдарына шашылыш иш сапар жасап калышы ыктымалдыгы айтылууда.

Согушка жол ачкан резолюцияны кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон беш өлкөнүн эч бири ага каршы вето койбоого тийиш жана бери дегенде 9 өлкө долбоорду колдоосу зарыл.

Жекшембиде Индонезияда он миңдеген мусулмандар АКШнын Иракка каршы согуш ачуу долбооруна каршы нааразылык демонстрациясын өткөрдү. Сурабайа шаарындагы жыйынга өлкөнүн мурдагы президенти, диниятчы Абдурахман Вахид, азыркы тышкы иштер министри Хасан Виражуда жана башка расмий өкүлдөр катышышты. Ишембиде Италия, АКШ, Германия жана Францияда да согушка каршы нааразылык жыйындары өткөрүлдү.

Ирак болсо тыйуу салынган “ас-Самуд-2” ракеталарынын дагы экөөсүн жекшемби күнү жок кылды жана БУУдан өзүнө карата коюлган чектөөлөрдү алып салууну талап кылууда. Ишембиде АКШ президенти Жорж Уокер Буш Ирактагы тыйуу салынган анча-мынча ракетаны жок кылып, бирок ошондой үлгүдөгү башка ракеталарды кайрадан тымызын жасап, расмий Багдад эл аралык коомчулукту алдоодо деп билдирген.

Ушул тапта Иракка жакын аймактарда АКШ менен Британиянын 200 миңден ашуун аскери топтоштурулган. Алардын колбашчылары согуш аракеттерин баштоого даяр экендигин билдирүүдө.

Орусия, Беларус, Украинанын жана башка пост-советтик өлкөлөрдүн 450дөн ашуун атуулдары соңку үч күндүн ичинде Ирактан чыгарылып кетти. Бул – согуш ыктымалдыгы күчөгөн чакта, алардын коопсуздугунун алдын алуу үчүн жасалган кадам болду.