Украинанын оппозицилык партиялары биригеби?

Украинанын негизги оппозициялык партиялары өз ара келишпестиктерден чыгуу жана президент Леонид Кучманын бийлигине каршы чогуу аракетенүү максатында Киевге атайын конгресске чогулушту.
Жыйынга 1400-гө жакын делегат катышууда. Алардын ичинде реформачыл “Биздин Украина” партиясы, мурдакы вице-премьер Юлия Тимошенко башындагы блок, коммунисттик жана социалисттик партиялардын өкүлдөрү бар.
Ю.Тимошенко келерки президенттик шайлоодо Леонид Кучмага каршы бир талапкерди көрсөтүүнү жана негизги төрт партиянын бирдиктүү штаб түзүүсүнү сунуш кылды. Оппозициячыл лидерлер конгрессте президенттикке талапкер көрсөтүү укугу жок деп, сунушту колдошкон жок.
Оппозиция президент Кучманын кеңсесин коррупцияга батты, журналист Георгий Гонгадзени өлтүрүүгө катышы бар деп күнөөлөөдө.
Л. Кучма айыптоолорду куру жалаа деп четке кагып келет.