Греция Евросоюздун кризис алдында тургандыгын эскертти

Европа Биримдигинин учурдагы президенти Грекия келерки дүйшөмбүдөгү курултайда мүчө-өлкөлөр Ирак боюнча бир турумга келишпесе, биримдик "терең кризиске" туш келээрин билдирди.
Ирак кризисинин айынан Европа Биримдиги бирдиктүү тышкы жана коопсуздук саясатын иштеп чыга албай келатат.