Кытай Ирактагы курал инспекторлорунун катарын көбөйтүү сунушун колдоду

Мындай сунуш Франция, Германия жана Орусия тараптан болгон эле. Кытайдын тышкы иштер министри Жаң Кийу Ирак кризисин жөн-жай бүтүрүүгө көмөк болгон бардык аракеттерге колдоо билдирди. Кытай - Бириккен Улуттардын вето коюга укуктуу беш мүчөсүнүн бири. Франция менен Орусия да ушул эле укукка ээ. Ал эми Германия Коопсуздук Кеңешинин учурдагы төрагасы.
Кечээ Франциянын президенти мындай деген эле:
"Орусия, Германия жана Франция Иракта курал инспекциясын улантууну жактайт". Ал эми Владимир Путин буларды айтты:
"Инспекторлор кесипкөй кишилер. Эл аралык коомчулук аларга толугу менен ишенет. Ирак алардын ишине тоскоолдук түздү деп жатышат. Жок, Ирак тоскоолдук түзгөн жок, тескерисинче, көмөктөшүп жатат".