Жума күнү АКШда жолугушкан президент Жорж Буш жана Британиянын премьери Тони Блэр Багдадга берилген мөөнөт аяктап баратканын дагы бир ирет эскертишти. Президент Буш Ирак куралсызданган жок, андыктан Багдадга карата БУУ дагы бир резолюция кабыл алса жакшы болмок, бирок андай документ биз үчүн зарылчылык эмес деп билдирди. Тони Блэр болсо, Ирак менен эл аралык терроризмдин байланышы бар экенине басым жасады:
- Биз терроризм менен Ирактын бирдей коркунучуна кабылып отурабыз. 11-сентябрдагы теракттардан кандай сабак алдык? Террорчулар болушунча көбүрөөк кишилерди өлтүрүп, көбүрөөк кыйроого учуратыш үчүн колу жеткен кооптуу куралдардын баарын пайдалануудан баш тартпаарын билебиз.
Багдаддан чакыруу алган Улуттар уюмунун курал-жарак боюнча инспекция башчылары Иракка бараар-барбасын айтыша элек. Ал учурда Ирактагы инспекторлор шектүү жайларды кыдырып, өз ишин улантууда. Ишембиде Мисирдин өкүлдөрү Британиянын деңиз күчтөрү оор кемелер, учактар, суу астында сүзүүчү кемелер менен истребителдердин коштоосунда Перс булуңуна багыт алганын маалымдашты.