Ооганстандын түштүк-чыгыш тарабындагы тоолордо антитеррордук коалиция күчтөрү күтүүсүз чабуулга туш болушту. Атышуулар уланып жатат, бирок, жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча түшө элек. Мындан 4 күн мурдараак ушул эле Спин Болдак калаасына тушташ тоолордо АКШлык аскерлер куралдуу кол салууну басып, 18 согушкерди жантаслим кылышкан.