КЫРГЫЗСТАНДА ҮЧҮНЧҮ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАТРИЦА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек 15-январда президент Аскар Акаев «Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жардык чыгарды. Указда ал чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияны көбөйтүүгө багытталган жаңы иш-чараларды белгилейт.
Президент өзүнүн бул жардыгы менен коомчулукка «инвестициялык матрица» деген ат менен белгилүү болгон документтердин үчүнчүсүн ишке киргизди. Инвестициялык матрицанын биринчиси 2000-жылдын 25-сентябрында, экинчиси өткөн жылдын 25-апрелинде кабыл алынган болчу. Бул эки матрицада көбүнесе инвестициянын жолундагы административдик тоскоолдуктарды алып салууга багытталган иш-чаралар камтылган. Жаңы кабыл алынган матрицада болсо, маселе комплекстүү түрдө коюлат.

- Биз артыкбаш тоскоолдуктарды аягына чейин алып салуу боюнча катуу чараларды караштырып жатабыз. Андан тышкары анда Бажы жана Салык кодекстерин өркүндөтүүгө багытталган чаралар бар. Ошону менен бирге банк секторун чыңдоого жана ага ишкерлердин жана инвесторлордун ишенимин жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзөбүз. Кредиттик уюмдар менен иштөө жеңилдегенин силер өзүңөр жакын арада эле сезе баштайсыңар. Үчүнчү инвестициялык матрица - комплекстүү документ, - деди Аскар Акаев 27-январдагы ишкерлер менен жолугушуусунда.

Үчүнчү инвестициялык матрицада бардыгы 41 иш-чара каралган. Алардын ичинде мурда таптакыр айтылбаган сунуштар да киргизилген. Мисалы, анда ишканалар пайдаланган жабдыктарга тездетилген амортизация колдонуу, ишканалардын алган кредиттерин кайрып берүү жөндөмдүүлүгүн изилдөөчү Кредиттик бюрону түзүү өңдүү жаңы иш-чаралар бар. Президент үчүнчү инвестициялык матрицаны приоритетүү программа деп жарыялап, мындан ары министрликтер менен ведомстволордун иши анын аткарылышына жараша бааланаарын эскертет. Президент бул матрицаны ишке ашырууга 6 ай гана мөөнөт берет.

Вице-премьер Жоомарт Оторбаев 27-январда пресс-конференция өткөрүп, экинчи матрица ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын белгиледи:

- Экинчи инвестициялык матрица ийгиликтүү ишке ашты. Ал өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга өз салымын кошту.

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча секретариаттан алынган маалыматка караганда, инвестициялык климатты жакшырта турган 15 мыйзам долбоору иштелип чыккан. Отузга жакын уруксат кагаздары жана кызмат көрсөтүүнүн 182 түрү жокко чыгарылган. Бирок биринчи жана экинчи матрица азырынча чет өлкөлүк тике инвестициянын өсүшүнө түрткү боло элек. Статистикалык маалыматтарга караганда, тике инвестиция 2002–жылдын 9 айында 64 млн. долларды түзүп, 2001-жылдын деңгээлинде эле калган. Тышкы карыз өсүп, жаңы кредит алуу мүмкүн болбой калган чакта өкмөт жетишпеген акчанын ордун тике инвестициянын жардамы менен толтургусу келип, жылына 200 млн. доллар тике инвестиция тартууну көздөйт. Бирок ал азырынча мындай чекке жете албай жатат. Чет өлкөлүк тике инвестициянын максималдуу көлөмү 1998-жылга туура келген. Ал жылы Кыргызстанга 158 млн. доллар тике инвестиция салынган болчу. Кийинки 2 жылда ал 80 млн. долларга чейин төмөндөп кеткен. 2001-жылы ал бир аз өсүп, 100 млн. долларды түзгөн. 2002-жылы да ал ошонун эле тегерегинде болоору күтүлүүдө.