ДАВОС ФОРУМУ АЧЫЛДЫ

Нарын АЙЫП, Прага 23-январда Швейцариянын Давос аттуу тоолуу курортунда Дүйнөлүк экономикалык форумдун кезектеги жыйыны башталды. 2001-жылы Америка Кошмо Штаттарына каршы террор аракеттери жасалгандыктан, былтыр форум Давостун ордуна Нью-Йоркто өткөрүлгөн.
Форум быйыл "Ишеним түзүү" деген ураан алдында өтүп, алты күнгө уланат, анын жыйындарына эки миңден ашык адам катышып, алардын жарымынан көбүн ишкерлер түзөт. Жүзгө жакын өлкө өкүлдөрүнүн ичинде отузга жакын мамлекеттин президенти же премьер-министри, 80ден ашык министр, кыркка жакын диний ишмер, 170тен ашык атактуу илимпоз болот. Алардын арасында Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана укук министри Джон Эшкрофт, Бразилия менен Аргентинанын президенттери Лула де Силва жана Эдуардо Дуалде, Казак президенти Нурсултан Назарбаев бар.

Форумда, мурдагыдай эле, учурда дүйнө коомчулугу алдында турган негизги экономикалык жана башка маселелер талкууланат, мисал үчүн, башкалардын арасында талкууга "Америкалык экономикага сырттан көз караш", "Глобализация, жакырчылык жана теңсиздик", "Илимдин наркы жана илимий баалулуктар" деген темалар коюлат. Форумдун катышуучулары, андан тышкары, "Эл аралык валюта кору жок жашоо мүмкүнбү?", "Казакстандын келечеги", "Азия экономикасынын келечеги" деген жана ондогон башка маселелер боюнча пикир алышат. Ирак менен Түндүк Корея проблемалары, АКШнын ири компанияларындагы чуулгандуу окуялар, "Аль-Каида" уюмунун террордук аракеттери, Израил менен Палестинанын кызматташуусу тууралуу да өзгөчө сөз болот.

Давос форумун Клаус Шваб аттуу ишкер негиздеп, 1971-жылы анын алгачкы жыйынын өткөргөн, азыр Шваб форумдун президенти. Акыркы жылдарда Давос жыйындары учурунда бир нече тартипсиздик болгондуктан, жыл өткөн сайын андагы коопсуздук чаралары күчөөдө. Давос өзү - 13 миң гана тургуну бар кичинекей шаар, жана дүйнө экономикасынын глобалдашуусуна каршы чыккандар 1998-жылкы форум учурунда Давостун электир станциясын толугу менен иштен чыгарып салган. 2000-жылы болсо жыйынга келген делегаттардын чөнтөк телефондору иштебей калган жана шаардагы "Макдоналдс" ресторандарынын терезелери сындырылган. Ошондуктан, акыркы, 2001-жылы өткөрүлгөн форум учурунда Давостун көчөлөрүн автоматчан полиция кайтарган, бирок быйыл ачык курал алып жүргөн кайтаруучулар көчөгө чыкпайт. Анткен менен, коопсуздук чараларына быйыл уюштуруучулар 10 миллион доллардан ашык каражат коротуп, акыркы форумдун чыгымдарынан 60 пайызга ашты.

Антиглобалисттер да Давоско чогулууда, жана уюштуруучулар аларга ишемби күнү демонстрация өткөрүүгө уруксат берди. Андан тышкары, өкмөттүк эмес уюмдардын жетимишке жакын өкүлүнүн катышуусу менен жыйын алкагында "Ачык форум" аттуу атайын талкуу да болот. Бирок өкмөттүк эмес уюмдар ушул эле күндөрү ошол эле Давос шаарында форум менен удаа өздөрүнүн атайын жыйынын да өткөрүүүдө жана анда глобализациянын кесепеттери менен жакырчылык проблемалары талкууланат.

Анткен менен, Давос форумунун сынчылары да арбын. Алардын айтымында, жыйынга чогулгандар эч кандай орчундуу маселе чечпестен, жыл сайын бир жолу курортто чогулуп-баарлашып кеткендиктен, форум жөн гана байлардын клубуна айланып баратат. Андан тышкары, Давос форумуна акыркы жылдарда дагы бир коркунуч пайда боло баштады. Мындан эки жыл мурда негизделген Дүйнөлүк социалдык форумдун үчүнчү жыйыны Бразилиянын Порто Алегре шаарында 23-январда башталып, ал дагы алты күнгө уланат. Ага быйыл 157 өлкөдөн 100 миңден ашык адам чогулууда жана анда дагы дүйнөлүк экономикалык жана социалдык маселелер талкууланат. Социалдык форумдун катышуучулары мурдагыдай жалаң эле глобализацияга каршы чыкпастан, быйыл дүйнөдөгү абалды жакшыртууга талаптуу орчундуу чараларды издөөгө аракеттенүүдө. Бразилия президенти Давоско Порто Алегродогу форумга катышкандан кийин келет.