Болгария президенти расми сапар менен Молдовага келди

Болгариянын президенти Георгий Парванов Молдовага болгон эки күндүк расми сапарын аяктоодо. 17-январда Кишинев шаарында ал Молдова президенти Владимир Воронин, премьер-министр Василий Тарлев жана парламент спикери Евгений Остапчук менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады. Болгария гезиттеринин жазышынча, Молдовада жашаган 90 миңге жакын болгардын жашоо шарттары да талкууланды.