ГАЗА. Бүгүн израилдик аскерлер Газа тилкесинде куралдуу палестиндер тобуна тиешеси бар деп шек саналган 10 чакты арабдын үйүн талкалап салышты. Хеброн шаарында өткөн жылы апрель айында терракт жасап, өзүн-өзү жардырган террорчунун үйү талкаланды. Газа тилкесинде израилдик аскерлер жөөт кыштагына кирүүгө аракеттенген бир палестинди кармап алышты.