· Орусиянын коргоо министрлигинин бюджети быйыл көбөйтүлөт

МОСКВА. “Орусиянын коргоо министрлигинин бюджети 2003-жылы мурдагысынын үчтөн бир бөлүгүнө көбөйөт”, - деп билдирди бүгүн өлкөнүн премьер- министри Михаил Касьянов. Бюджет каражаттарынын жарымынан көбү жаңы куралдарды иштеп чыгууга, курал сатып алууга жана аскердик техниканы оңдоого жумшалат. Быйыл Орусиянын куралдуу күчтөрүнө жаңы куралдардын 200дөн ашык үлгүсү келет.