Атбашы районунда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 25-январга чейин узартылды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар - Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева
Буга райондо сууктун күчөгөнү себепчү болду.Райондук билим берүү жана маданият бөлүмүнөн алынган маалыматтар боюнча, сууктун күчү бул күндөрү 25-30 градустан түшпөй, мектептерге окуучулардын 30-40% гана араң келүүдө. Ал эми окуу бөлмөлөрүнүн жылуулугу 8-10 градустан ашпайт. Муну эске алуу менен райондук билим берүү жана маданият бөлүмү жергиликтүү бийлик органдарына атайын кат менен кайрылып, окуучулардын кышкы каникулу 25-январга чейин узартылды. Кышкы каникулдар Нарын шаарында да узартылышы ыктымал.