Австриянын Грац шаары Европанын бир жылдык маданий борбору катары ишке киришти

Австриянын түштүк-чыгышындагы Грац шаары Европанын маданий борбору катары бир жылдык иш-чараларды концерттер, от оюндары жана көргөзмөлөр менен баштады.
Грац «маданий борбор» наамын Бельгиянын Бругес жана Испаниянын Саламанча шаарынан өткөрүп алды. Бул наамды жыл сайын Европа Биримдиги ыйгарат.