БИШКЕК. Курамына түрдүү улуттар кирген Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын өкүлдөрү Кыргызстандын Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизүүгө байланыштуу «Кыргыз Республикасы» деген аталышты «Кыргызстан Республикасы» деп өзгөртүү сунушун айтып жатышат. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов бүгүн “Азаттык” үналгысынын кабарчысына бул жөнүндө билдирип, андан тышкары өзүнүн сунушу тууралуу да айта кетти: “Мен болгону жаңы кабыл алынып жаткан Конституцияда «кыргыз» деген сөздү орусча текстте - «киргиз», кыргызчасында - «кыргыз» деп колдонууну сунуштагам. Мындан сырткары, мен аталган жыйында келечекте бардык расмий документтерде айрым орус тилине так которууга мүмкүн болгон «айыл өкмөтү», «Жогорку Кеңеш», «төрага» сыяктуу бир топ кыргыз сөздөрүнүн орусча котормосун колдонууну сунуштагам». Мамлекеттик катчынын айтымында, бул тууралуу өлкөнүн Башмыйзамына алымча-кошумчаларды киргизүүгө байланыштуу Кыргызстан Элинин Ассамблеясында 3-январда өткөн талкуу учурунда сөз болгон.
Ишемби күнү республикадагы айрым маалымат агенттиктери Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын жогоруда эскерилген жыйынында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов «Кыргыз Республикасы» деген аталышты «Кыргызстан Республикасы» деп өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыкты деп кабарлашкан.
Мындай терминдик сунуштарга айрым саясачылар каршы пикирин билдирүүдө. Маселен, “Кыргызстан” демократиялык кыймылы партиясынын жетекчилеринин бири, саясатчы бири Жыпар Жекшеев: «Эгемендүүлүк алгандан кийин биз “кыргыз” дегенди “киргиз” деп айткандан качып, өзүбүздүн “кыргыз” деген атыбызды айта баштаганбыз. Эми кайрадан киргиз дегенибиз улуттук намыска шек келтирет. Эмне, бул сөзгө орустардын тили келбей калыптырбы? “Кыргыз республикасы” деп айтыш керек. Бул маселени орустар көтөргөн деле жери жок».
Айрым жергиликтүү адистер бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын кайрадан бөлүштүрүү, соттук жана парламенттик бийликтин көз каранды эместигине жетишүү сыяктуу олуттуу маселелерди чечүүгө багытталган конституциялык реформа терминдик талаш-тартыштын көлөкөсүндө калбаса экен деген чочулоосун билдирүүдө.