ЖАНЫБЕК ЖАНЫЗАКТЫН КОМПЬЮТЕРДИК САБАТТУУЛУК ТУУРАЛУУ ОЙЛОРУ

Журналист Жаныбек Жанызак менен баарлашуу.
Жаныбек Жанызак, 1950-жылы Таластын Бейшеке айылында төрөлгөн. 1983-жылы Ташкенттеги чет тилдер институтун бүтүргөн. «Фото: кыйынбы же оңойбу?», «Мен билген компьютер: алгачкы кадам» деген китептердин автору. 1989-жылы жеке менчик «Каттама» гезитин чыгарган.

- Жаныбек мырза, оболу компьютердик сабаттуулук, кыргызча сайттардын ачылышы тууралуу айта кетсеңиз.

- Бул проблемага мен өзүмдүн гезитимди чыгарып жүргөндө туш келдим. Мага кыргызча тамгалар керек болуп аябай далбасым чыккан. Гезитим жабылып калгандан кийин Интернетке кириштим. Карасам, анда бир да кыргызча сайт жок экен. Орустардыкы аябай көп, англистерди айтпайлы, бүтүндөй бир китепканаларды киргизип салышкан. Аларды көрүп аябай намысыма келдим да Мелис Эшимкановго барып, «кел, гезитиңди чыгаралы», дедим. Аным көңүлсүнбөй койду. «Аалам» гезитинин редактору Чолпонбек Абыкеевге кирип сунушумду айтсам ал макул болду, 50 сомдон макулдашып гезиттин жаңы сандарын компьютерге киргизе баштадым. Ошентип жүрүп өз максатымы да ишке ашырып, китептерди компьютерге киргизүүгө өттүм. Китептерди көчүрүүдө кыргызча үч тамганын проблемасы чыкты. Ойлоп көрсөм, аны деле опоңой чече алчудайбыз. Кыргызча сайтты чыгарып жүргөндөр өз ара чогулуп ошол үч тамганы кеңешип бир тамга менен белгилеп койсок туура келчүдөй.
Ушул күнгө чейин кыргыз Улуттук илимдер академиясынын, Улуттук университеттин сайты жок. Мактанып коеюн, менин сайтым бар. Эгер алардыкындай шарт, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүм болсо мен Улуттук китепканадагы китептердин баарын сайтка салып коймокмун.


-Сиздин сөзүңүз туура, кыргызча гезиттердин чынында эле сайты жок. Аларды алыста жүрүп окугусу келгендер үчүн бул өзү чоң проблема. Айтымыңызда кыргызча-орусча сөздүктү компьютерге көчүрүп атыпсыз. Дагы кандай иштерди жасайын деген оюңуз бар?

- Баарынан кыйыны эле каражат. Азыр иштебейм, үй-бүлөмүн капчыгына кол салуудамын. Баарына түткөн аялыма ырахмат. Жана сөз арасында айтпадымбы, түнкү саат экиден таңкы алтыга чейин компьютерде отурам, түн бакырдыкы. Кээ бирөөлөр мында кандай кызыкчылык бар деп ойлошот. Артыбызда балдар өсүп келатат. Алар университетке, жогорку окуу жайларына өтүшөт да, Интернетке киришет. Карашса эле кыргыз тилинде эч нерсе жок. Орусча, англисче толтура. Ошондон мен колунан келгендин баары кыргызча маалыматтарды Интернетке киргизип койсо деп ойлойм. Мына, акчасы деле жетиштүү, бирок «Кыргыз туусу» гезитинин сайты жок. Чыгынышпайт да. Эмне үчүн орус тилдүүлөр дайыма алдыда жүрүшөт? Күнөө өзүбүздө экенин биз, кыргыздар, моюндагыбыз келбейт. Мына, Замира Сыдыкованын «Республика» гезитинин 3 жылдык тиркемеси Интернетте турат. Макталып жүргөн «Агым» гезитинин андай тиркемеси жок. Жумадин Кадыров башкарган «Бийиктик» деген жаңы басма бар. Ошол мага 30 китептин дискетин берди. Анын ичинен 15 китепти Интернетке койдум.

- Жаныбек мырза, сиздин компьютердик сабаттуулук жөнүндөгү окуулугуңуздун таралышы кандай болууда? Менин билишимче, бул кыргыз тилиндеги компьютер сабаттуулугу боюнча жападан-жалгыз китеп болуу керек.

- Мен андай окуулукту 2000-жылы жазып, анын 2000 нускасын Нарында гана сатканбыз. Башка район, областтардан ага кызыгып, дилгирленген киши чыкпады. Азыр, шүгүрчүлүк, ар бир айылдан оокаттуу адамды тапса болот. Айылдагы китепканалар жабылды, жоюлду. Эгер ошол байлар макул тапса мен ар бир облус менен өз алдынча иштешет элем. Өзүмүн машинем менен компьютерди жеткирип, иштешти үйрөтүп коер элем. Кыргыз тилинде жазылган компакт-дисктерди кошуп бермекмин. Китептерди киргизип койгом, Интернетке кирүүнү үйрөтүп коем. Интернет – эң арзан окутуучу, жогорку окуу жайы. Аны өз балдарыбызга жеткире алсак, аларды тааныштырсак деген тилегим бар.

- Кыргызстандын компьютерлештирүүсү тууралуу пикириңиз кандай? Бул тармакта сиз кыйладан бери иштеп келатпайсызбы.

- Чынымды айтсам, өзүмө мээнет үйбөй, тынч үйдө отура берсем деле болмок. Бирок, эртең балдарыбыз жетилет. Аларга компьютерди кыргызча тааныштыруу жагында мен биринчи болдум. Колуман келишинче аракет жасоодомун. “Шам” басмасына бардым. Алар кыргыз эл оозеки чыгармаларынын томдуктарын чыгарып атышпайбы. Ошол басманын жетекчиси Калыс Кадыралиевич көп китептин дискетин берем деп жатат. Түшүнгөн жетекчи экен. Ушундай сүрөөнчүлөр көп болсо, мендей 2-3 жигит чыгынса көп иштер жасалып калмак. Өлүмтүгүбүздү өкмөткө артып отура бергенибиз жарабайт. Компьютерде эки жарым жыл отургандан кийин биз латын тамгасына өтүшүбүз керектигине көзүм жетти. Орус тамгасын пайдалансак, анын колдонулуш чегинен чыккандан кийин кыргызча сөз таанылбай калат экен.