Казакстан чечен согушкерин Орусияга өткөрүп берди.

Орус тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Зайналабид Гасанов өткөн жылдын октябрь айында Казакстандын Атырау областынан камакка алынган. Орус бийликтери ал 1999-жылы чечен куралдуу топторунун Дагестандын аймагына кол салуусуна активдүү катышкан деп эсептейт.