Баткен областы менен Тажикстандын Согди областынын ортосундагы бажы постторуна байланыштуу талаш-тартыш жөнгө салынды.

Шайырбек Мукарамов
БАТКЕН. 5-январда Баткен областы менен Тажикстандын Согди областынын ортосундагы бажы постторуна байланыштуу талаш-тартыш жөнгө салынды. Областтык акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Шадыбек Бакыбековдун жекшембиде «Азаттыкка» билдиргенине караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки областтын чегиндеги кошумча коюлган бажы жана чекара посттору ушул күндөн тарта алынды. Тактап айтканда, тажик тарап Жекөрүк (Жакөрүк) жана Сурк бажы, чек ара постторун алышып, жол тосмолору менен вагонеткаларын 6-январь күнү кечки саат бешке чейин алып кетүүнү убада кылды. Ал эми кыргыз тарап Тажикстандын Ворух анклавынын чыга беришиндеги Актерек жана Ворух-Исфара жолундагы Көктерек постторун алышты.
Эске сала кетүүчү нерсе, 3-январь күнү Тажикстандын Октябрь айылынын 300 чакты тургуну көтөрүлүп, Кыргызстан жаңыдан коюп жаткан Көктерек бажы постундагы вагонетканы аңтарып салышкан. Бул окуядан эки-үч саат өтпөй Баткендин Көкташ, Ортобоз жана Актатыр айылдарынан чогулган 200дөй киши Тажикстандын Жакөрүк бажы постун ушундай эле ыкма менен аңга түртүп жиберип, эки элдин ортосунда чыр ырбап кете жаздаган.