АНКАРА. Кипрлик түрктөрдүн лидери Рауф Деңкташ Кипрди бириктирүүгө байланышкан сүйлөшүүлөрдү февралдын соңуна чейин уланта турганын билдирди. БУУнун экиге жиктелген Кипр аралын бириктирүү боюнча тынчтык планы Кипрдин грек жана түрк коомчулугун 28-февралга чейин өз ара макулдашууга келүүгө чакырып, маселенин жөнгө салынуусу Кипрдин 2004- жылы Европа Биримдигине кабыл алынуусуна өбөлгө түзө турганын билдирген. Өткөн жумада Евробиримдиктин Копенгаген саммиттинде пландаштырылган сүйлөшүүлөр, Р. Деңкташтын ооруп калганына байланыштуу, болбой калган. Арал 1974- жылы Кипрдин түрктөр жашаган түндүк бөлүгүнө Түркиянын аскерлери киргизилгенден бери, экиге бөлүнүп калган. Аскерлер Греция уюштурган өкмөттүк төңкөрүшкө байланыштуу киргизилген болчу. Грек Кипр жумурияты эл аралык уюмдар тарабынан расмий таанылган.