Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган делегация Кувейтке иш сапары менен барат.

Бакыт Аманбаев
БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абыдганы Эркебаев башында болгон парламенттик делегация 18-декабарда Кувейт мамлекетине расмий иш сапары менен барат. Мындай иш чаралар Кувейт өлкөсүнүн парламенттик делегациясынын үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында Кыргызстанда болгон иш сапарынын учурунда кол коюлган «Парламенттер аралык эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо» тууралуу келишимге ылайык ишке ашырылууда. Иш сапары 24-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын басма сөз кызматы кабарлады.