Бакыт Аманбаев
БИШКЕК. Кыргызстанда алтын уютмаларын сатууга жана сатып алууга уруксат берилди. «Мындай токтомго өкмөт башчысы Николай Танаев дүйшөмбү күнү кол койду»- деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы. Аталган токтомго ылайык алтын уютмасын сатып алууга мүкүнчүлүгү бар жарандар уютманы республикадагы алтын иштетүүчү тоо-кен ишканаларынан жана банктардан сатып алууга укук алышты. Буга чейин жергиликтүү алтын иштетүүчү компанияларга өз продукциясын республиканын ичинде эмес, чет-мамлекетке гана сатууга уруксат берилген. Кыргыз өкмөтүнүн пикиринде, мындай чечим республикадагы банк системасынын өнүгүшүнө жана улуттук валютанын чыңдалуусуна оң таасирин тийгизет.