Ырысбай Абдраимов
ЖАЛАЛ-АБАД. Шаардык соттон 13-декабрда алынган маалыматка караганда, областтык прокуратура, областтык юстиция башкармасы сентябрь айында катталган Жалал-Абаддын Курманбек көчөсүндөгү жоопкерчилиги чектелген май куюуучу жеке менчик станциянын «Бен-Ладендин» аты менен аталышын жокко чыгарууну өтүндү. Ишкана ээси Уркуя Эркинбаева кардарлардын кызыгуусун туудуруу үчүн ушундай арабча атты тандап алгандыгын түшүндүргөн. Республиканын «Фирмалык аталыштар» жөнүндөгү мыйзамынын 7-статьясынын 15-пунктуна ылайык шаардык сот ««Бен Ладен» атындагы коомду каттоо, ага күбөлүк берүү, моралдык нормалар жана гумандуулук принциптерине каршы келүү менен республиканын беделине шек келтирет. Бен Ладенди даңктап, анын жоруктарын колдогондук болот» деп эсептеди. Муну менен катар сот ишкананын күбөлүгүн жараксыз деп табуу, «Бен Ладен» ысымдуу көрнөктү үч күндө алып салуу чечимин чыгарды.