Босниялык сербдердин лидеринин аялы эл аралык кызматтан баш тартууга аргасыз болду.

Эл аралык аскерий трибунал издөө салган Босниялык сербдердин мурдагы лидерлеринин бири Радован Караджичтин аялы, Лилиана Зелен-Караджич моралдык себептерден улам, эл аралык кызматтан баш тартууга аргасыз болду. Ал 1994-жылдан бери Эл аралык Кызыл Чырым коомунун Босниялык сербдердин аймагындагы бөлүмүн башкарчу жана былтыр эле жаңы 4 жылдык үчүнчү мөөнөткө өз кызмат ордуна кайрадан шайланган эле. Кызматынан кетип жатканын кечээ жарыялаган Лилиана Караджич анын мындай чечим кабыл алышына эл аралык гуманитардык уюмдар, Кызыл Чырым коомунун борбордук кеңсеси кысым көрсөтүшү себеп болгонун жашырган жок.