ЕККУ академиясында алгачкы лекцияны таасирдүү эксперттер окушат.

БИШКЕК. 17-декабрда Бишкекте ачыла турган Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) академиясынын ачылыш аземине катышуу үчүн 10дон ашык өлкөдөн эксперттер келишет. Алардын катарында коопсуздук саясаты боюнча Женева институтунун директорунун орун басары Фред Таннер, Бириккен Улуттар Уюмунун Будапешттеги тынчтыкты изилдөө университетинин ректору Вильям Гарнер, ЕККУнун Гамбургдагы иликтөө борборунун директору Анна Крайкемайер бар. Алар ЕККУнун Бишкек Академиясына 18-декабрда алгачкы дарстарды окушат. Ал эми 17-декабрда боло турган расмий ачылышында Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаевдин, ЕККУ төрагасынын Борбор Азия боюнча атайын Кеңешчиси (Helbert Selber) Херберт Зальбердин, ЕККУнун демократиялык институтунун мурдагы директору, Коопсуздук саясаты боюнча Женева институтунун директору, элчи Жерар Штудмандын сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Ушул эле күнү расмий өкүлдөр журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшөт. Бул тууралуу жекшембиде ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты.