Декабрдын 22синде Литвада президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Ондон ашуун киши талаптанган бул кызмат эми кимге тийээр экен? Оболу литвалык президенттикке талапкерлердин айрымдарынын бейнеси жөнүндө сөз козгойлу.
Литвада президент жалпы элдин тикелей шайлоосу аркылуу аныкталат жана бул кызмат мөөнөтү – беш жылга эсептелген. Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн литвалык атуул шайлоо күнү кырк жаштан жогору болууга тийиш жана ал бери дегенде 20 миң кол топтоосу керек. Шайлоочулардын бери дегенде жарымдайы шайлоого катышуусу шарт. Дал ушул жагдайда 50 пайыздан ашуун добушка жетсеңиз, анда алгачкы айлампадан эле президенттикке шайландым дей бериңиз.
Эмне үчүн быйылкы шайлоого он бештен ашуун киши катышууда? Бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Тек гана президенттикке шайланууга белсенгендердин бири, 1959-жылы туулган көз каранды эмес талапкер Витаутас Серенастын айткан сөзүн эскере кетели. Анын оюнча, ар бир бүлө башчысынын түпкү мүдөөсү президенттикке жетүү болууга тийиш, анткени Литвадагы амбициянын эң жогорку чекити дал ушул кызматка барып такалат. Албетте, анын саясий сатираларын сыналгыдан көргөн кишилер Серенастын какшыгын жаземдебей сезээри бышык.
Талапкерлердин арасында Жириновскийден кем калышпаган саясатчылар да учурайт. Маселен, алардын ичинен жашы эң улуусу – Казус Бобелис. 1923-жылы туулган бул карыя саясатчы литвалык христиан демократтардын жетекчиси. Анын оюнча, Литва өкмөтү чет элдиктерге ашкере жагынып жаткансыйт. «Айрым грузин, чечен же орусиялык жүүттөр Литвага келип-келбей жатып эле, бир апта ичинде өлкөбүздүн атуулу болуп калууда. Мындай кырдаалга кантип чыдоо керек?» - дейт Бобелис. Эгерде чет өлкөлүктөргө жеңилдик бериле берсе, анда өлкө вьетнамдык, лаостук жана башка азиялык экономикалык кылмышкерлердин тузагында калышы ажеп эмес, - деген сыяктуу ойлору менен ал төбө чачты тик тургузууда. Бирок Бобелис өзүн ашынган улутчул же расист деп санабайт.
Президенттикке талапкерлердин кенжеси – 42 жашар Эвгениус Гентвилас. Ал оппозициялык Либералдык Биримдикти жетектейт. География илимдеринин кандидаты Гентвилас 1997-2001-жылдары Клайпеда шаарынын акими болуп иштеди. Былтыр ал премьер-министрдин милдетин аркалаган учур да болду. Ал өзүн коррупцияга эч качан малынбаган таза саясатчы деп санайт жана базар экономикасына карай багытты тереңдетүүгө чакырат. Ушул тапта Литва жакыр жана алсыз, ошондуктан анын Европа Биримдиги менен НАТОго кирүүдөн башка аргасы жок, - дейт Гентвилас.
Кээ бир саясатчылар бир эле партиянын ичинен атаандашып чыгышы мүмкүн эмеспи. Ал эми бир тууган Матулевицюстар – журналист Витаутас менен саясат таануучу Алгимантас үй-бүлөлүк деңгэлде макулдаша албай калышкан, же, тескерисинче, өз ара келишүүгө жетишкен. Айтор, экөө тең президенттик үчүн чоң жарышка түштү. 54 жашар Алгимантас мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянын токтото турууну жактайт жана президент болсо эле сактык банктарга салынган бойдон кайтарылбай жаткан эски советтик рублге негизденген акча каражатын ээлерине чукул арада төлөйм деп чоң убада берүүдө. Анын оюнча, коррупцияга баткандардын сары изине чөп сала түшүү үчүн атайын мекеме уюштуруу абзел.
Анын сөзүн 45 жашар Юозас Петрайтис эч жактырбашы мүмкүн. Австралияда туулган бул литвалык Кэмбрижде алык-салык жана экономика тармагы боюнча доктордук ишин жактаган. 1989-жылдан бери тарыхый мекенинде жашаган Петрайтис базар экономикасына өтүү жараянын жана менчиктештирүүнү андан ары тереңдетүү зарыл деп санайт. Талапкерлердин ичинен эң байы да ушул саясатчы. Жубайы экөөнө таандык үй-мүлкү 42 миллион долларга бааланууда.
Талапкерлердин ичинен аялзаттын жалгыз өкүлү – Казимиера Прунскиене. 1943-жылы туулган бул экономист айымды Дыйкандар жана Жаңы Демократия Биримдиги аттуу уюм президенттикке талапкер катары сунуштады. 1990-91-жылдары эгемен Литванын туңгуч премьери болгон Прунскиене айым азыркы тапта Сеймдин депутаты жана өзүн президенттикке талапкер катары сунуштаган партиянын жетекчиси. Аялдардын эркектер менен тең укуктуулугун камсыз кылуу – анын башкы максаттарынын бири.
Сурамжылоолорго караганда, азыркы президент Валдас Адамкус мырза дагы бир мөөнөткө шайланышы чындыкка жакыныраактай. Шайлоонун экинчи айлампасына аны менен теңтайлашып чыгышы мүмкүн саясатчылар – Артурас Паулаускас менен Роландас Паксас. Алардын ичинен 49 жашар Паулаускас мырза – Сеймдин спикери жана Жаңы Биримдик-Социал Либералдар партиясынын талапкер өкүлү. Ал эми 46 жашар инженер жана учкуч Паксас быйыл эле Либерал-демократиялык партияны негиздеген. Ал Европа Биримдигин сокур кишидей ээрчий бербей, литвалык карапайым калктын кем-карчын жоюуну башкы милдет деп кароо зарыл деп санайт.
Азыркы президент Валдас Адамкус болсо 1926-жылы Каунаста туулган. 1944-жылдын соңунда советтик армияга каршы партизандык күрөшкө катышып, анан Батыш Германияга өткөн. Мүнхендеги университетте окуган. 1949-жылы АКШга көчүп, мында Иллинойс технологиялык институтун бүтүргөн. 1997-жылы гана биротоло Литвага келген Адамкус 1998-жылы 4-январда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында азыркы атаандашы Артурас Паулаускасты жеңген.
Адамкус Литванын Европа Биримдиги жана НАТО аркылуу Европа жана Батыш менен жуурулушуусун өзгөчө колдогон саясатчы. Ал быйыл 21-ноябрда Прагадагы НАТО саммити маалында өз өлкөсүнүн тышкы саясатын мындайча мүнөздөгөн: “Литва кубаттуу жана натыйжалуу шериктештикке мүчө болууну самайт. Бул ынтымактагы биздин мүчөлүк анын азыркы жана болочокку милдеттерди аркалоосу үчүн күч-кубат кошооруна жетишебиз”.
Президент Адамкустун оюнча, Шенген келишимине кирүү да Литванын улуттук таламдарына төп келет. Эми маселенин баары – литвалык шайлоочуларда калды. Быйылкы президенттикке талапкерлердин арасында шайлоочулар тандай тургандай «агы» да, «карасы» да, «бозу» да, «жашылы» да бар сыяктанат.