ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ ӨКМӨТТҮН АЙЫЛ ЧАРБАСЫ ЖААТЫНДАГЫ ИШТЕРИН ТЕРИШТИРҮҮДӨ

Сапар Орозбаков, Бишкек Пахта жана тамекини сатып өткөрүүдо быйыл кыйынчылык жок. Ал эми эгин боюнча маселе акырына чейин чечиле элек. Бирок ашык эгинди Ооганстанга сатуу тууралуу Кыргызстандын өкмөтү Тажикстандын өкмөтү менен жакынкы кундөрү сүйлөшүү жүргузгөнү жатат. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев Эл окүлдөр жыйынынын шейшенби күнкү отурумунда кабарлады.
2-3 жылдан бери дыйкандар маңдай тери менен өстүргөн пахта, тамеки, кызылча жана төө буурчакты сатып өткөрө албай азап чегип келишет. Ошондуктан Эл өкүлдөр жыйыны бул маселени күн тартибине киргизип, ал боюнча Өкмөттүн маалыматын жана пикирин угууну чечкен. Шейшембиде болуп өткөн Эл өкүлдөр жыйынынын отурумунда Николай Танаев пахтаны сатып алуу боюнча кыргыз окмөтү Орусиянын бийликтери менен макулдашууга жетишкенин, Орусиянын ишканалары ушу күнү 86 миң тонна пахтаны сатып алганын, азыр дыйкандардын колунда болгону 18 миң тонна пахта калганын жана ал дагы жакын арада толук сатып алынарын билдирди. Ал эми тамекини сатып алуу болсо жаңы гана башталды.

«Тамекинин быйылкы жылкы түшүмү жакынкы эле аралыкта бири да калтырылбай, толугу менен сатылып алынат. Өкмөттүн көмөгү менен түзүлгөн «Кыргыз ресурсу» аттуу фирма ушу күнү 600 тонна тамеки сатып алды. Быйыл тамеки боюнча эч кандай проблема болбойт», деди Николай Танаев.

Быйыл эгиндин түшүмү Кыргызстанда мол болуп, 2 млн. 113 тонна эгин жыйналып алынды. Анын 1 млн. 303 миң тоннасы буудай. Буудайдын баасы кескин түшүп кеткендиктен, Казакстандын келчү буудайды токтотуу максатында өкмөт жыл аягына чейин 20% импорттук пошлина киргизген. Азыр премьер-министрдин айтымында анын мөөнөтүн узартуу маселеси каралып жатат.

«Жакында Кыргыз-Тажик өкмөт аралык комиссиясынын отуруму болот. Комиссиянын күн тартибине тажик тарап Кыргызстандан эгин сатып алуу маселесин киргизиптир. Алар канча эгин сатып алаарын азыр айта албайм. Эгерде Тажикстан 200-300 миң тонна эгин сатып ала турган болсо, өзүбүзгө жеткидей эле дан калат» деди өкмөт башчы Николай Танаев.

Сессияда төө буурчак маселеси өтө курч коюлду. Таласта быйыл 13 миң гектар жерге төө буурчак айдалып, 26 миң тонна төө буурчак жыйналып алынган. Аны 24 юридикалык жана физикалык тарап сатып алат. Бирок Талас областынын бийликтери лицензияны жалгыз гана «Талас» аттуу биргелешкен ишканага берген. Ал болсо азыр өз билгенин жасап жатат. Талас областынан шайланган депутутат Болот Шерниязовга кайрылганыбызда:
«Робин» деген фирма жана ага караган фирмалар монополист болуп алышкан. Келген фирмаларды Жамбыл шаарынан рекеттерди жалдап, уруп-сабап, коркутуп, сатып алган буурчактарын тартып алып жатышат. Буларга мыйзам жок. Булардын артында чоң күчтөр тураарына мен ишенем. Бирок мыйзам чегинде эми чара көрүлөт деп ойлойм. Анткени маселе 3 жылдан бери көтөрүлүп келип, 3 жылдан бери чара көрүлбөй жатып , азыр Башкы Прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Улуттук Коопсуздук Комитети тергөө ишин баштады», дейт депутат.

Николай Танаев төө буурчак боюнча 2 тараптан 2 башка маалымат түшүп жатканын айтып, ал бул ишти териштирүү үчүн Башкы Прокуратурага жана Улуттук Коопсуздук Комитетине тапшырма берилгенин билдирди. Депутаттар төө буурчак маселесине Талас областынын губернатору Кенеш Карачаловдун тиешеси бар деп, анын жеке жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароону президентке сунуштаган токтом кабыл алышты.