БИШКЕКТЕ КЫТАЙДЫН КЫЗЫЛ-СУУ КЫРГЫЗ АВТОНОМ ОБЛАСТЫНЫН СООДА ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН БАШКАРМАЛЫГЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүнкү шартта Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном областынын ишкерлери кыргызстандык соодагерлердин эң бир жакындан иштешип келаткан өнөктөштөрү болуп калды.
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы чек ара 1990-жылдарда гана ачылып, эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакаларынын жолго коюлганына он жылдай гана убакыт болду. Ошого карабай бүгүнкү шартта Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын ишкерлери кыргызстандык соодагерлердин эң бир жакындан иштешип келаткан өнөктөштөрү болуп калды. Мындай алаканын чыңдалышына 10–декабрда Бишкекте ачылган Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном областынын өкүлчүлүгүнүн ишке кириши азыркыдан дагы жакшы шарттарды түзүп берет деген ниеттерин эки өлкөнүн ишкерлери бир ооздон белгилешти. Ал тууралуу өкүлчүлүктүн башчысы Кытай атуулу Эркин Аблаюп «эки өлкөнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө жана Кызыл-Суу автоном областынын Кыргызстанда соода жасап жаткан атуулдарына жана соода компанияларына көмөктөшөбүз. Эки мамлекет ортосундагы сооданы-достукту чыңдайбыз» деген тилегин айтты.

Өкүлчүлүктүн ачылышын кыргызстандык ишкерлер да колдоого алышууда. «Аламүдүн» базарынын деректири Шаршенбай Мааткабыловдын пикиринде, Кызыл-Суудагы кыргыз туугандардын соода өкүлчүлүгүн ачканы соода алакаларын бириктирмекчи.

«Кызыл-Суудан келип Кыргызстанда соода жасап жаткандардын саны миңдин арасында. Силерден да бизге барып соода жасап жаткандар бар. Биздин максат – эки мамлекет ортосундагы соода байланышын жандандыруу», деп айткан Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернаторунун орун басары Өргүл Жапар кызынын пикири да ушуга жакын.

Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Не Нин мырзанын айтымында, Кыргызстан менен коңшулардын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл өткөн сайын өсүп баратат. Анын маалыматы боюнча, 1998-2002-жылдар аралыгындагы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 38 миллион долларга жеткен.

Кызыл-Суу областынын Артыш, Топо баштаган шаарларына соода жасоого барып, бирок Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардын ордуна тирүүлөй барымта болуп калган атуулдар да бар экендиги жакшы маалым. Аны «Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы деректири Самат Алиев да бышыктайт. «Өткөн жылы Кызыл-Суудагы Кыргызстандын соода өкүлчүлүгүнүн күчү менен бир топ жердештерибизди бошоткон элек» дейт ал.

Бул айтылгандарга Эркин Аблаюп мырза«алды 2 миллион, арты 700 миң долларга карыз болуп барымтада жаткан 9 кыргызстандык менен жолукканбыз. Алардын айрымдары кытайлык жеке ишкерлер менен байланышып, акча алганда паспортторун берип коюшкан. Биз алардын айрымдарынын паспортторун кайта алып берүүгө жардамдашканбыз» деп билдирди.