Бакыт Аманбаев
БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү республикадагы «Тышкы миграция тууралуу» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылууда. Ага ылайык 28 европалык мамлекеттин жарандары Кыргызстанга паспортук-визалык текшерүүсүз келүүгө мүмкүнчүлүк алышат. «Мындай чечим республиканын башка өлкөлөр менен экономикалык байланышын чыңдоо максатында кабыл алынды»- деп кабарлады өкмөттүн маалымат кызматы. Ал эми улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин маалымдоосуна караганда, жогорудагыдай демилгеге, Ички иштер министирлигинин паспорттук-виза башкармачылыгы каршы пикирин билдирүүдө. Анткени, башкармалыктын пикиринде европалык өлкөлөргө берилген мындай жеңилдиктерден дүйнөдөгү бир катар эл аралык терроризмге жең ичинен колдоо көрсөткөн өлкөлөр пайдаланышы мүмкүн. Карама-каршы пикирлерди жараткан бул мыйзам долбоору президенттик администрациянын кароосуна жиберилди.