Кошмо Штаттардын чыгыш кылааларына жакын аймактарда боройлоп жааган кардын калыңдыгы алеки саатта аттын тушарынан ашты.

Техастан Нью-Йорк шаарына чейинки чөлкөмдө көптөгөн үйлөрдө электр жарыгы күйбөй калды. Түндүк жана түштүк Каролина штаттарында да кышкы капсалаңдан мектептер жабылып, бир катар кеңселер менен коомдук мекемелер иштебей калды.