25-ноябрда өкмөт үйүндө Президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйыны болду. Анда коргонуу жаатында 2002-жылы аткарылган иштер жана 2003-жылы аткарыла турган иштердин планы каралды. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Коргоо министринин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев маалымдады.