Турсунбай Бакир уулу «ЭРКтен» баш тартты.

21-ноябрда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйыны тарабынан омбудсман болуп шайланган депутут Турсунбай Бакир уулу «Эрк» саясий партиясын жетектөө кызматын өткөрүп берерин жана партиянын катарынан чыгарын билдирген арызды жума күнү саясий кеңешке жолдоду. Турсунбай Бакир уулунун билдиришинче, мындай арызды ал «Омбудсман тууралуу» мыйзамга ылайык жазды. Партиянын уставына ылайык жетекчиликти алмаштыруу маселесин партиянын декабрь айынын этегинде өтөрү болжолдонуп жаткан курултайы чечет. Курултайга чейин партияны буга чейин орун басарлык милдетти аткарып келген мыйзамчы-депутат Бектур Асанов убактылуу башкармакчы. 1991-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда биринчи саясий партия катары катталган «Эрк» партиясын Турсунбай Бакир уулу негиздеп, буга чейин башкарып келген. Омбусмандын ушул эле күнкү маалыматына караганда, депутаттык милдетин ал мыйзам боюнча палатада ант берген соң өткөрүп берүүгө тийиш. Ал эми ант берүү күнү азырынча тактала элек.