Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Жапаров алтын камтыган руданы ташууну чектеген мурдагы жарлыктарын жокко чыгарды


Кыргызстандагы алтын кендеринин бири
Кыргызстандагы алтын кендеринин бири

10-июнда Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, мамлекет башчынын бул буйругу менен буга чейин кол койгон айрым жарлыктары жокко чыгарылды.

Алардын ичинде:

- 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгы;

- 2023-жылдын 14-мартындагы № 55 “2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” буйругу;

- 2023-жылдын 28-декабрындагы № 365 “2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы күчүн жоготту.

Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турган кезинде эле алтын кошулмаларын сыртка ташууга тыюу салынат деп убада берген. Ал 2022-жылы октябрда 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койгон. Жарлыкты ишке ашыруунун мөөнөтү эки ирет жылдырылган.

Садыр Жапаров жыл жаңырар алдында жаңы жарлыгы менен алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салууну 2024-жылдын июлунан баштоону тапшырган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG