Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Көлдө быйыл өрүк мол, аларман жок


Өрүк.
Өрүк.

Июль айы ортолоп Ысык-Көлдө өрүк бышкан мезгилде Орусия менен Казакстанга жүк ташыган автоунаалардын тартыштыгы жаралды. Баасы да жылдагыдан эки эсе арзандап кетти. Мындан улам Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары өрүгүн сата албай жатат.

"Түшүм мол, баасы арзан"

Тоң районунун тургуну Бакыт Бекболсунов быйыл өрүктүн түшүмү жакшы болгонун, бирок баа төмөн болуп жатканын айтты.

Бакыт Бекболсунов
Бакыт Бекболсунов

"Өрүк Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы Ак-Өлөң, Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа айылдарында жакшы өсөт. Былтыр абрикостун килограммы 75-80 сомдон башталган. Бирок түшүм аз болчу. Быйыл түшүм жакшы болгону менен баа арзандап кетти. Араң 35-38 сом болуп жатат. Алармандар Орусияда 70-80 сом эле болуп жатат, май кымбат, айдаткан автоунаабыз, куту (ящик) кымбат, бөз (марли) былтыркыдан 1,5-2 эсеге чейин кымбаттады деп атышат. Бербеске айла жок. Өрүк, алма, алмуруттай эмес да кармап тургудай. Бул 10-15 күн бир бышат, ошол учурда сатып калбаса жарабай калат. Буга чейин бир жолу да мындай болгон эмес. Карантин учурунда деле 50-60 сом болгон. Быйыл төрт-беш жыл мурдагы баа менен алып жатышат".

Ал эми Оттук айылынын тургуну Бактыбек Кусегенов аймакта убактылуу сактоочу же кайра иштетүүчү ишкана жок болгондуктан, арзан болсо да келген кардарга саткандан башка айла жок дейт.

Бактыбек Кусегенов
Бактыбек Кусегенов

"Кардарлар аз. Өрүктүн түшүмү быйыл жакшы болду. Үшүк алган же мөндүр урган жок. Баасы гана келишпей турат, алгандар 35 сомдон өйдө көтөрбөй жатышат. Мына, азыр Балыкчыда 20-25 сом. Айылдарда 35 сомдон. Былтыр 70 сомдон сатканбыз. Азыр "эмне кылабыз, бышып кетчү болсо кандай кылабыз" деп айлабыз кетип жатат. Кайра иштетүүчү эч кандай завод курулган эмес. Бышып кеткендерин алып иштете турган адам да жок болуп жатат. Элдин баары "бышып кетсе кандай кылабыз" деп коркуп атат".

Ысык-Көл облусунда өрүк негизинен тескей жактагы эки райондо – Тоң менен Жети-Өгүздө көп. Бул жактагы тургундардын негизги кирешеси да өрүктүн түшүмүнө байланыштуу.

Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын башчысы Сталбек Бакчиев быйыл аларман аз болуп, тургундар убайым тартып жатышканын айтты:

Сталбек Бакчиев
Сталбек Бакчиев

"Барскоон, Тосор, Кажы-Сай, Тоң районунун айылдары Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчакта ар бир айылда бирден-экиден эле фура болуп жатат. Жашык жетишпейт, аларманд жок. Кичи-Жаргылчак айылында эле бери дегенде 250-300 гектар аянтта өрүк бар. Ар бир кишиде 50 сотыхтан, 1-2 гектар үлүш жерине айдагандар бар. Айла жок, такыр түшүп жерде калганча деп арзан сатып атышат. Бирок сатайын десе дагы жашык же фура жок болуп атпайбы. Алармандар жок. Жашык күтүп, "кимдикине, кайда келип калат" деп көчөлөрдө эле отурушат. Мурда биздин Кичи-Жаргылчак айылынан эле күнүнө жок дегенде 60-80 тоннага чейин чыгып турчу. Ушул абрикостун сезону убагында биздин бир эле айылдан күнүнө 110-120 фура чыгып кетчү. Азыр күнүнө бирден дагы чыкпай жатпайбы".

Жети-Өгүздө тургундар өрүк салуу үчүн жашыктарга кезекте турушат, 14.07.2022-жыл.
Жети-Өгүздө тургундар өрүк салуу үчүн жашыктарга кезекте турушат, 14.07.2022-жыл.

Жергиликтүү ишкерлер Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун аймагында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү ишкана жок экенин, өрүк бышып төгүлүп жатканда аларды консервациялоого муктаж экенин айтууда. Жети-Өгүз районунун администрациясы билдиргендей, элеттеги мөмө-жемиштердин сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн Тамга айылында жүз тонналык кампа курулуп, муздаткыч системасы орнотулуп жатат. Бирок, мындай кампалар бир айылдын гана аймагын тейлеши мүмкүн, аймак үчүн алда канча чоң масштабдагы логистикалык борборлор керек. Муну менен катар Ак-Терек айылында жемишти кайра иштетүүчү ишкана курулууда.

Тоң районунун акими Мураталы Тагаев өрүктү сатууда логистикалык маселе жок экенин, элди нааразы кылган жагдай баанын төмөн болуп жатышы экенин айтты.

Мураталы Тагаев
Мураталы Тагаев

"Бүгүн жергиликтүү жашоочулар үлүш жеринин, тамаркасынын өрүктөрүн 35 сомдон сатып жатат. Жаңы башталды, алармандар бааны 35 сомдон коюшту. Логистика жагынан маселе жок. Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынан баштап "Орусияга алып кетебиз" деп келген унаалардын баары турат. Акчасын накталай берип, бат-баттан эле алып атышат. Бирок эң негизги маселе баада болуп жатпайбы. Отуз беш сомдук бааны арзан деп атышат, себеби былтыр 70 сом болгон да. Ошол себептен элде "баа арзан" дегендей нааразылыктар бар, аны жашырганда эмне".

Тагаевдин айтымында, былтыр Жети-Өгүз районунан 8 миң тоннадай өрүк экспорттолгон. Быйылкы түшүм көбүрөөк болгондуктан, экспортко 11 миң тоннага чейин сатууну божомолдоп турушат.

"Кайра иштетүүнү колдоого каршы болгондор бар"

Айыл чарба министрлиги өрүктү сатууда логистикалык көйгөй болбошу керек деген пикирде. Жергиликтүү жана эл аралык рынокко жеткирүү үчүн зарыл болгон коммуникациялык шарттар түзүлгөн.

Министрликтин Агроөнөржай кластерлерин жана кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Уран Чекирбаев айрым түшүнбөстүктөрдөн улам мамлекет кайра иштетүү тармагын колдоп, инфратүзүмдүк шарттарды түзүп бере албай жатканын айтууда.

Айыл чарбасын колдоого 10 млрд. сом берүүнү пландап жатканда депутаттар кайра иштетүүчүлөрдү каржылоого каршы болушканын мисал келтирди. Мындан улам, дыйкандын өндүрүмү кайра иштетилбей, баа арзан болуп жатат дейт.

Мындан тышкары, ал кыргыз өндүрүмдөрүн экспорттоодо коңшу мамлекеттин таасири да чоң болорун эскертти.

Уран Чекирбаев
Уран Чекирбаев

"Биринчиден, бизде аны кайра иштетүү жок. Кайра иштетүүчүлөр өрүктү көп сатып алып, андан сок же кыям жасаса, мамлекет ага жардам бериши зарыл. Мамлекет 10 млрд. сом беребиз деп убада берген. Бирок, анын 3,4 млрд. сому эле бөлүндү. Кайра иштетүүчүлөр азыр бул акчага муктаж болуп турушат. Анткени алар сырьену ылдам сатып алыш керек. Анда баасы бир аз көтөрүлмөк. Мисалы, өрүктүн баары бир маалда бышат. Бул жерде бир эле чечим болушу мүмкүн. Кайра иштетүүчүлөрдүн сырьену ылдам сатып алып, кымбатыраак баада иштетишине жардам берүү абзел. Экинчи көйгөй, логистика деп жатпайсыңарбы, Казакстан чек араны жаап, биздин көп товарды өткөрбөй жатат. Керек учурда ачат, керек эместе жаап коёт. Муну коңшу мамлекет курал катары колдонуп жатат. Бул да баанын төмөндөп кетишине бир фактор болуп саналат".

Чекирбаев кайра иштетүүчү ишканалар каржыланбагандыктан, алар кыйын кырдаалды баштан кечирип, дыйкандын түшүмүн сатып ала албай отурушканын кошумчалады.

"Талапка жооп берген унаалардын көбү Европада"

Жүк ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 200 миңге жакын жүк ташуучу автоунаалар бар. Анын болжол менен 80% өлкө ичинде иштейт. Сыртка чыгып, эл аралык ташууларды жүргүзүп иштегени 20 миңге жетет. Анын ичинен эл аралык ташуу стандарттарына төп келген 5 миңдин тегерегиндеги транспорт адатта Орусияга жана андан ары Европага чейин жүк ташып иштейт.

Кыргызстанда кийинки кездери эл аралык жүктөрдү жана тез бузулуучу азыктарды ташууга ылайыктуу автоунаалардын тартыштыгы жаралган. Анткени орус-украин кризисинин айынан Орусиянын автоунаалары үчүн Европага кирүүгө тыюу салынган.

Мындай кырдаалдан улам соңку бир ай ичинде Кыргызстандын эл аралык ташууга ыңгайлашкан унааларынын 90% Европага кетип, Италия, Германия, Бельгия жана Голландия менен Орусиянын ортосунда жүк ташып иштеп атышат.

Темирбек Шабданалиев
Темирбек Шабданалиев

"Алар тынбай иштеп, жумуш менен камсыз болгон. Республиканын ичиндеги жумуштарга катышпайт, бул жакта пайдасы да, айлыгы да аз. Өлкө ичинде иштегендери жокко эсе, себеби Кыргызстанда муздаткычка көңүл бурган киши жок. Мисалы, Ысык-Көлдүн сары өрүгүн алалы. Өтө даамдуу, ден соолукка абдан пайдалуу жемиш. Бирок анын ошондой сапаттарын сактап калыш үчүн муздаткычы бар автоунаалар керек. Анын өзүнүн эл аралык стандарты бар. Орусча айтканда "холодовые цепочки поставок" деп коет. Ошонун талаптарын, стандарттарын аткарбаса биздин өрүгүбүз бул жерде таттуу болуп атканы менен, Новосибирскиге же Астанага жеткиче ал жөн эле кебез болуп, даамын жоготот. Ошондуктан, өтүмдүүлүгү жоголуп, баасы да түшөт", - деди ассоциациянын төрагасы Темирбек Шабданалиев.

Расмий маалымат боюнча, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл чарбасынын дүң жыйымынын өсүшү 2% түздү. Кайра иштетүүчү ишканалардын дүң өндүрүмү 22% өстү. Бирок адистер мындай өсүүнүн жарымы инфляциянын эсебинен болуп жатканын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG