Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Ысык-Көлдөгү Садыр-Аке айыл аймагындагы селден жабыркаган үйлөр көчүрүлөт


18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.
18-аувгустта Ысык-Көлдөгү сел каптаган үйлөрдүн бири.

Август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагындагы селден жабыркаган үйлөр көчүрүлөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 27-сентябрындагы жыйынында кабыл алынганын басма сөз кызматы билдирди.

“Чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган”, - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов "Азаттыкка" жалпы Садыр-Аке айыл аймагындагы 29 үй коопсуз жерге көчүрүлөрүн билдирди.

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген селден Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарында жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүндөгү 500гө жакын турак үйдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген. Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген. Селден Темир айылы эң көп жабыр тарткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG