- Мен оорудум, бирок бат эле сакайдым. Келинчегиме менден жугуп, аябай кыйналды. Ооруканада орун жок деп үйдө эле дарыланды. Балдызым ийне сайып, тамчылатма коюп турду.
- Билинбегени менен, ооругандар көп. Ар бир үйдө жок дегенде бирден киши сөзсүз бар.
- Жөтөлүп коюп эле дүкөн кыдырып жүрүшпөйбү. Биз айла жок ушинтип отурабыз, сезондо кичине иштеп албасак, кышында кантебиз?
Ысык-Көлдүн тургундары коронавируска байланышкан акыркы кырдаал тууралуу суроолорго ушундай жооп беришти.
Ал арада илдет догдурларга жугуп, бейтаптарды кароого адистер жетишпей жатат. Мисалы, Чолпон-Ата аймактык ооруканасында буга чейин үч реаниматолог болсо, азыр үчөө тең ооруп жаткан кези.
Төлөгөн Сарбагыш уулу – илдетке кабылган реаниматолог Сарбагыш Иманалиевдин уулу.
"Атам катуу ооруп, Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына алып келдик. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор. Чолпон-Атада атам жалгыз реаниматолог. Бейтаптарга кыйын болду. Төрөй турган аялдар келсе, аларга ким наркоз берип, абалына ким көз салат? Азыр эс алганы келгендер көбөйдү. Адатта бул кезде жол кырсыктары көп катталат. Оор жараат алгандарга да реаниматологдун жардамы өтө керек. Бардык күчтү Бишкекке жумшап коюшту. Жолдо баратканда атам “Эми эл эмне болот, мен кетип калсам алар эмне болот?” деп кейип жатты... Аны угуу бизге оор болду. Дарыгер өзү кыйналып жатса да, башкалардын өмүрүн сактап калууну ойлойт экен! Тилекке каршы, догдурларды колдоого алып, жанына жардамчы таап бергенге мамлекетибиз жарабай келет".
Көлдө быйыл жайкы эс алуу мезгили пандемиядан улам адаттагыдан бир айга кеч башталды.
Маселен, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин айтымында, акыркы бир жума ичинде көлгө келгендердин саны кадимкидей көбөйүптүр.
"Буга чейин райондогу 200гө жакын конок үй, пансионаттар бош жатты. Күн ысыгандан бери эл келе баштады. Бирок алар вирусту бизге алып келди деген сөздөн азырынча алысмын. Дагы бир жумадан кийин инкубациялык убакыт бүткөндө билинет. Азырынча райондогу ооруканалар бейтаптарды тейлегенге жетишип жатат".
Ысык-Көл районунда ондон ашык дарыгер жана 80 медайым иштейт. Дагы ушунча сандагы медик керек. Ал эми Чолпон-Ата аймактык ооруканасында даярдалган 80 орун толуп калган. 1987-жылы салынган бул оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү болгону 16 кишини кабыл алууга ылайыкташкан. Бир эле кичинекей имараттын ичинде орто жана оор абалдагы бейтаптар дарыланууга аргасыз.
"Бул имарат акыркы жылдары такыр эле колдонууга жараксыз болуп калган. “П” тамгасы түрүндө турган имараттын бир эле канаты талапка жооп берет. Эми өкмөттөн каралган 16 млн. 640 миң сомго капиталдык ремонт жасалмакчы, тендер аркылуу куруучулар тандалды. Азыр келген жумушчулар ишти өз каражаты менен баштамакчы, себеби өкмөт акча бөлө элек. Буюрса, жугуштуу оорулар бөлүмү 85 орундуу болот деп жатабыз".
Республикалык штаб Бишкекте коронавирус илдетине чалдыккандар кыйла азайып, бирок илдет аймактарга жайылып жатканын айтууда.
Ыктыярчы Кайрат Казакбаев соңку үч жумадан бери элге жана дарыгерлерге жардам көрсөтүп келет.
"Биз, “Каракол жаштар уюму” шаардан сырткары башка райондорго да чыгып жатабыз. Байкашыбызча, дары-дармектен мурда догдурлар жетишпейт экен. Себеби, бизге кошулуп, жергиликтүү жаштар да дары, медиктерге коргонуучу кийимдерди, тамак-ашына чейин алып берип жатышты. Бирок рентгенге түшкөн сүрөттү көтөрүп алып, аны чечмелеп бере тургандай дарыгер издегендер өтө көп. Ооруган кишиге догдур рецепт жазып бербесе, медайым эч нерсе кыла албайт эмеспи. Дары-дармек башында гана тартыш болду, азыр абал жакшыраак. Адегенде элдин көбү дүрбөлөңгө алдырып, дарыгерлерди да, бизди да бушайман кылып жиберди эле. Азыр Караколдо стационарларга келген оорулуулар азайды, себеби айылдарда стационарлар ачылып иштей баштады".
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев медиктердин тартуу жолдору каралып жатканын айтты. Анын айтымында, айылдардагы ар бир эмканада стационарлар иштеп жатат, курорттук чөлкөмдөрдөгү пансионаттарда стационарлар бар.
"Пандемия учурунда гана эмес, жай турмушта деле бизге медиктер керек болуп турган. Азыр вируска чалдыгып, ооруп калган дарыгерлерибиз да бар. Үч күн мурда Бишкектеги улуттук хирургия борборунан келген үч дарыгер иштеп жатат. Мындан тышкары, Орусиядан келген медиктердин бир тобун бөлүп бергиле деп суранып жатабыз".
Статистика боюнча Ысык-Көл аймагында коронавируска чалдыккандар Каракол шаарынан кийин эле 100 миңден ашуун калкы бар Жети-Өгүз районунда эң көп болууда. 25-июлдагы расмий маалымат боюнча пандемия башталгандан бери Ысык-Көл аймагында бул илдет 2072 кишиге жуккан.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.