Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:38

Ырга айланган ыймандай сырлар


Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Сырдашууга чакырган ыр саптар... Азыркы мыкты акындардын бири Нуриза Өмүрбаеванын “Бейтааныш бекет” китебин барактаганда ушул ойлор жаралды.

Бул автордун өзгөчөлүгү – ырларында кабат-кабат маани камтыган, көнүмүштөй эле нерселерден байкалбай жүргөн жактарына окурмандын көңүлүн бургузган, башкача сездирип-туйгузган саптар арбын экендиги.

Тагдырдын күрөө тамырын кармаган ыргак

Орустун чыгаан акыны Борис Пастернактын айрым ырларынын беш-алты варианты барын айтышат. Адабиятчылар окуп көргөндө ал тексттерден эч кынтык таба албаптыр. Бирок акын ошонун баарын жаратпай, бирден гана тандап жарыкка чыгарган экен.

Нуриза Өмүрбаеванын төш чөнтөккө баткыдай китепчесин көргөндө ушуну эстедим. Ал да соңку он жыл аралыгында жазган көптөгөн ырларынын ичинен тандап, иргеп отуруп акыры ушул чакан жыйнагын түзүптүр. Султан Раев жазган баш сөздү кошпогондо, 24 барак эле ыр.

Эми көлөмдөн көрөңгөгө өтөлү. Нукура көркөм чыгарма жай кеп-сөздөн мазмундук сыйымдуулугу жана таасир күчү менен айырмаланат. Н.Өмүрбаева калемин кылдат, ийкем шилтөөгө – ой-санаасындагы менен жан дүйнөсүндөгүнү башкача баяндап, окурманга ой менен сезимди бир бүтүн кылып жеткирүүгө аракеттенет экен:

Турмушуңдан өзүңө алган жазаң бул –
Туура чыкпайт кадамыңдын бардыгы.
Азыр мени көп ойлонтот качандыр
Мен жаңылткан адамдардын тагдыры.

Нуриза Өмүрбаева.
Нуриза Өмүрбаева.

Мындагы өзөктүү ой – лирикалык каармандын өзү бир кездерде катышкан башкалардын тагдырына кыжаалат болгону. Калганын чечмелеп, кара сөз менен кайра баяндоонун эч кажети жок, андан көрө ар ким ырды аягына чейин кунт коё окуп, ичкериден чыйралган ыргакты сезип, өз алдынча ой жүгүрткөнү оң.

Ырдын аталышына да көңүл буралы: “Бир ырдын уландысы”. Түз мааниси боюнча бул акындын мурда жазган кайсы бир ырынын уландысы болушу ыктымал. Бирок экинчи мааниси тереңирээк: адамдын (лирикалык каармандын – сиздин, менин же башка дагы бирөөнүн) мурдагы, жаштыкка мас болуп жүргөн кездеги же кийинчерээк пайда болгон жан маанайы (ырдап же обонун, кайрыгын кайталап жүргөн ыр, музыка ж.б.) менен кийин, турмуштун ысык-суугун баштан кечиргендеги (“азгырыгы, түйшүгү көп” жолду басып өткөндөгү) ырдын айырмасы асман менен жердей. Бирок бул ошол жеңил, шайыр же куюндай удургуп жүргөндөгү ырдын башка деңгээлдеги уландысы...

Бул ырдын калган строфаларын гана эмес, жогоруда келтирилген төрт сабын да кез-кезде эстеп же кайра окуй жүрсө болот, анткени мында ар жолкуда башка ойлорго салгыдай, көбүрөөк нерселерди түшүнүүгө түрткү бергидей подтекст бар.

Нукура көркөм чыгармалардын кайсынысын болсо да, ар ким өз табитине, рухий жетилүү курагына жараша кабылдайт. Бирок эң үстүңкү, жалаңкат ыргак деңгээлинде көңүлдөн бир өткөрүп койгон окурман деле качандыр бир кайра эстеп же окуса, кыйла терең түшүнүп, ички касиетин даанараак сезиши мүмкүн.

(Ырас, бул жыйнактагы айрым ырлар мындай деңгээлге жетпей калган. Ошондой болсо да, бүтүндөй алып караганда, автордун тынымсыз изденип, акын катары өсүүгө умтулганы даана сезилип турат).

Сырдуулук, сыйымдуулук

Лирика – акындын ыры аркылуу туюнткан ыймандай сыры. Жай адамдын купуя сырынан айырмаланып, нукура көркөм чыгармада кайсы бир жеке кишинин эле ар кимге айта бербеген окуялары же ойлору эмес, окшош кырдаалдарды баштан кечирген көп адамдардын жан дүйнөсүндөгү абал же өзгөрүш сөзгө алынат.

Ырас, акын себеп-натыйжалык байланышы окшош же маанилеш жагдайларды, маанайларды атайылап топтоштурбай, жалпылаштырбай эле кайсы бир окуянын же кырдаалдын таасири менен көпчүлүктүн көңүлүндөгү нерсени ички өзгөчө ыргак менен туюнтуп коюшу да мүмкүн. Бул анын турмуштук тажрыйбасына, рухий өсүш дареметине, чыгармачыл изденүүсүнө, талантына жараша болот. (“Ички же өзөк” ыргак деген түшүнүктү кийинчерек кененирээк чечмелейли).

Бул жерде Нуриза Өмүрбаеванын “Курбума” деген ырынан төрт сапты келтирели:

Балким менин турмушумду ойлодуң,
Кыштай муздак, жүрөгүңдү жылытпас.
Кирдебесин көөнүң жаман ойлордон,
Киргин курбум, кириңди жуу, ырың жаз.

Ырдын буга чейинки үч строфасында лирикалык каармандын коноктон кайткандагы жан маанайы сөз болот. (Ошондо сырдаш курбусу аны узаткан соң балкондон карап турган окшойт). Бүтүндөй ырдын өзөгүн түзгөн тынчы жок сезим – бул эки аялдын көңүлүн өйүгөн санаалар.

Мындагы акыркы сапка токтололу. Аялдардын турмушунда кир жуумай - өзүнчө оор иш. Дем алыш күнү да чер жазып эс алуу ордуна додологон кир-кокту жууп жүдөгөн энелер, эжелер, кыздар көз алдыбызга келет. Ырас, азыркы заманда автомат машине кир-кокко байлаган машакатты он эсе жеӊилдетип койду. Бирок бул саптагы “кириңди жуу” деген сөз айкашы кыйла кенен мааниге ээ.

Кеп үй ичин жыйнаштыруу, кийим үтүктөө, тамак бышыруу, идиш-аякты жууп ирээти менен сервантка тизүү ж.б. түгөнбөгөн түйшүк жөнүндө эле эмес. Сөз адамдын көӊүлүн кирдеткен сезимдерден, жан дүйнөсүн жабыктырган санаалардан арылуу оңой эместигинде.

“Көйнөктүн кири жууганда кетет, көңүлдүн кири айтканда кетет”. Андай десек, эки ынак курбу сырдашып отурганда желкеден ныгыра баскан кыжаалат санаалардын канчасын жеңилдетүүгө үлгүрүштү? Же экөөнүкү кошул-ташыл болуп, ого бетер оорлошуп калдыбы?..

Кандай болгон күндө да, адам баласы көңүлүн агартууга дайым аракет кыла жүрүшү керек. Мунун бир аргасы – Нуриза Өмүрбаевадай акындардын лирикасы.

Айтмакчы:
Июндун 29унан июлдун 2сине чейин Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалын өткөрдү. Баш байгени ээлеген Нуриза Өмүрбаева 100 миң сом менен кошо “Акун” пансионатында жети күндүк эс алуу жолдомосун утуп алды. Биринчи орунду Махабат Касеинова, экинчи орунду Айзат Кудайберди кызы, үчүнчү орунду Чыңгыз Рыскелди алды. “Жылдын табылгасы” номинациясы боюнча Бектурсун Адиев сыйланды. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG