Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

9-январь: Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берилди. Ферганада миңдеген үй жарыксыз калды


Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

9-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Депкомиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деген бүтүм чыгарды. Бул тууралуу парламенттеги ишенимдүү булактар “Азаттыкка” билдирди. Ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй кеткенин ишенимдүү булактар “Азаттыкка” кабарлады. Депутаттын өзү жана анын жардамчылары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек. 41 жаштагы депутат буга чейин өзүнө тагылган кинени четке кагып, "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

“ЖМК жөнүндө” долбоор Жогорку Кеңешке түштү

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Былтыр 15-декабрда парламентте каттоого алынган документте журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат. Бийлик иштеп чыккан долбоорду айрым эл аралык уюмдар, жарандык коом менен юристтер сөз эркиндигин чектейт деп сынга алып келет. Документ эми парламенттин тиешелүү комитетинде карала баштайт.

Олжобай Шакирдин сотунда эксперт көрсөтмө берди

9-январда Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда Олжобай Эгембердиевдин (ред.: Олжобай Шакир) соту башталды. Соттук отурумда жазуучунун социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө экспертиза жасаган эксперт көрсөтмө берди. Ал Олжобай Шакирдин билдирүүлөрүндө “бузукулук кылайын”, “тизгинин кагуу керек”, “камалгандан коркпо” деген сыяктуу сөздөрүнө экспертиза жасалып, бийликке каршы сын-пикир бар экени аныкталганын айтты. Шакир “тизгинин какты” деген кыргызда ар кандай мааниде айтыларын түшүндүрүп, “бузукулук кылуу”, “камалгандан коркпо” дегендер кылмыш эмес экенин билдирди. Кийинки сот отурум 19-январда болот. Жазуучу 23-августта кармалган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгогон. Жазуучу коюлган айыпты четке кагып келет.

Олжобай Шакир соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.
Олжобай Шакир соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.

Ахрор Иминовду кайра камалды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайра камалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, райондук сот мындай чечимди 2023-жылы 30-декабрда чыгарган. УКМК Иминовду маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келген деген шек менен 2023-жылы 11-октябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айып тагылган.

Прокуратура Жекшеналиев боюнча шаардык сотко кайрылды

Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берди. Активисттин адвокаты Кантемир Турдалиев ишти сотто кайра кароого негиз жок экенин айтты. 4-декабрда Биринчи Май райондук соту активистти толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган. Жекшеналиев 2022-жылы августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.

Блинкен Газадагы кырдаалды талкуулоо үчүн Израилге барды

Бир катар араб өлкөлөрү жана Түркия Газаны калыбына келтирүүгө, анын саясий келечегин аныктоого жана аймакта туруктуу тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылууга багытталган аракеттерин АКШ менен координациялоого даяр. Бул тууралуу 8-январда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди. Блинкен бул күндөрү аймакта иш сапар менен жүрөт. Ал Түркияга, Грекияга, Иорданияга, Катарга, Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) жана Сауд Арабиясына барды.
9-10-январда Блинкен Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолугуп, Түркиянын, Иорданиянын, Катардын, БАЭнин жана Сауд Арабиясынын сунушун талкуулайт.

Украинада 67 жерде салгылашуу жүрдү

Соңку суткада фронтто 67 жерде кагылышуу болгонун 9-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматка караганда, Купянск багытында украин аскерлери Харьков облусунун Синьковка аймагында беш чабуулдун мизин кайтарды. Донецк облусунда жалпысынан 27 соккуга бөгөт коюлганы маалымдалды. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү спикери Наталья Гуменюк 9-январга караган түнү орус аскерлери көптөн бери алгачкы жолу Украинанын аймагына Shahed жанкечти дрондорун учурбаганын, буга аба ырайы себеп болгонун айтты. Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.

Ферганада беш миңдей абонент электр жарыгысыз калды

Өзбекстандын Фергана облусунда электр тармагындагы үзгүлтүктөн улам дээрлик беш миңдей абонент жарыксыз калды. «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, 9-январда “L-Charxiy-2” электр түйүнүндө техникалык мүчүлүштүк жаралды. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, электр энергиясы Учкуприк, Багдад жана Бувайда райондорунда үзгүлтүккө учурады. Адистер учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын, жарык кечке маал берилерин билдирген. Фергана облусу Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш тилкесинде жайгашкан, калкынын дээрлик 2% этностук кыргыздар түзөт. Коңшу өлкөдө кышкысын электр жарыгы өчкөн окуялар буга чейин да катталган.

XS
SM
MD
LG