АКШнын Мамлекеттик катчысы Тажикстандагы алгачкы сапарын жөнөкөй тажикстандыктар менен тикелей баарлашуу үчүн дагы колдонду. Расмий бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө чейин Душанбеде катардагы тажикстандыктар менен кездешкен кезинде Вашингтон адам укуктарына көңүл буруп жатканына басым жасоо менен чогулгандардын жүрөк толтосундагы камтамачылыгына көңүл бургандай болду:
-Биз тажикстандык жарандардын татыктуу билим алышын, жер ээси болушун, көз карандысыз маалымат каражаттарын пайдаланышын, бирдей шартта саясий жараяндарга катышып, аялдар жана эркектер бирдей негизги укуктардан колдонушун бекем колдойбуз. Фундаменталдык эркиндиктер, анын ичинде бардык адамдардын, жаштар менен карылардын, аялдар менен эркектердин диний эркиндиги бекем корголуусу керек деп эсептейбиз.
Жерге болгон менчик укугунан тартып диний эркиндикке чейинки маселелердин Тажикстанда талаштуу өңүттөрү бар.
Сынчылар өкмөттү коррупцияга бийликтин эң жогорку тепкичтерине чейин жол бергени үчүн айыпташат. Коррупциядан улам Тажикстанда бийликтегилер пайда табуу үчүн жеке менчиктеги жерге чейин кол салган учурлар болгон. Бул өз кезегинде өкмөттүн карапайым жарандарга дыйканчылык үчүн көбүрөөк жер берүү программасынын аткарылышын татаалдаштырууда.
Соңку кездери тажик өкмөтү дин жаатында чектөөлөрдү киргизүүдө. Анын алкагындагы жаңы эрежелерге ылайык, он сегизге жете элек эркектер менен аялдарга мечитке намазга баруусуна тыюу салынган.
Бирок көптөгөн тажиктер буга окшогон чаралар салттуу динге кайтууга жана диний өзгөрүүлөргө алып келүүчү күчкө айланышына каршы көрүлгөн аракет деген ишенимде.
Хиллари Клинтон Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин чектелүүсү боюнча өз тынчыздануусун тажик бийликтерине айтканынын тажик тышкы иштер министри Хамрохон Зафари менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда ачыктады:
-Менимче динди каттоо же легалдаштыруу ийгиликке алып барбай турган кадам. Анткени бул диний ишенимди мыйзамдуу билдирүүнү көмүскөгө түртүп, толкундоолорду жана нааразылыкты жаратуусу мүмкүн. Биз экстремизмди пайда кылуучу нерселерди жасагыбыз келбейт. Биз Тажикстандагы өкмөттүн жана жарандардын тынчыздануусун толугу менен түшүнөбүз.
Президент Рахмон менен кездешкенге чейин коомчулук менен жолугушуусунда “Тажикстан Американын жакшы досу” болушун каалайбыз деген Клинтон экономикалык өнүгүү маселелерине да кайрылды. Клинтондун айтымында, АКШ 1992-жылдан бери ар кандай программалардын алкагында Тажикстанга бир миллиард доллардын тегерегинде жардам көргөзгөн:
-Силердин көптөгөн адамдар иш издеп үйүнөн кетпөөсү үчүн биз Тажикстанда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейшине жардам берүүнү каалайбыз. Бул жерде гүлдөгөн экономика боло алат. Бирок бул бир түн ичинде ишке аша койбосун билебиз. Соода тоскоолдуктары жоюлуп, чет элдик инвестиция тартылуусу абзел. Кошмо Штаттар биз "Жаңы Жибек жолу" деп атаган, чийки заттар менен энергия, айыл -чарба продукциялары силердин аймактагы бардык өлкөлөрдүн ортосунда соодалангыдай болушу үчүн жаңы базарды ачууга транзит жана соода байланыштардын түйүнүн колдоп жатабыз.
Көптөгөн тажиктер өлкөнүн энергетика жаатындагы көйгөйлөрү коңшу Өзбекстан менен саясий талаштардан улам татаалдашып жатат деп эсептейт. АКШ Мамлекеттик катчысы иш сапары учурунда Тажикстан менен Өзбекстандын Рогун ГЭСи боюнча пикир-келишпестиктерине да токтолуп, Душанбе Дүйнөлүк банктын эксперттери жүргүзүп жаткан экспертизанын жыйынтыгын күтө туруусу керектигин белгиледи.
Душанбедеги Ага Хан маданий борборуна АКШ Мамлекеттик катчысы менен жолугууга бир нече жүз адам жыйналды. Ага катышкандардын бири, журналист Абдугаффор Камолов “Азаттыктын” тажик кызматына буларды айтты:
-Мен АКШнын Мамлекеттик катчысы менен жолугушуудан түшүнгөндөй, өзгөрүүлөрдүн баары жеке адамда болуусу керек. Өзгөрүүнү башка эч ким алып келбейт. Биз өз өлкөбүздү, өз эркиндигибизди, өз көз карандысыздыгыбызды өз колубуз менен куруубуз абзел. Муну бизге башка бирөө жасап бербейт. Сиз америкалыктар менен сүйлөшкөндө деле алар курган эркиндик жана көз карандысыздык ар бир америкалыктын аракети менен жаралганын айтышат.
Хиллари Клинтон Душанбеде аймактык сапарынын алкагында болду. Тажикстанга чейин Ооганстан менен Пакистанга токтосо, жекшембиде Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.