Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Урукбайдын Кыргызбайга айтып турганы


Монтевидеодогу демонстрациянын катышуучулары, сүрөт: Uruguay sin megamineria
Монтевидеодогу демонстрациянын катышуучулары, сүрөт: Uruguay sin megamineria

Кен казуу тармагына чет элдик ивесторлор Kыргызстанга 20 жылдан бери келе баштады, ал эми Латын Америкада бул жаатта жүз жылдык тажрыйбасы бар.

Бул тажырыйба өтө ар кыл жана коогалуу окуялардан топтолгон. Кен казууга байланышкан толкундоолор, ал тургай кандуу кагылыштар Жаңы континентте бүгүн да сейрек эмес.

Алгы сөз

Урукпай менен Баракбай мухиттин ар жагына барып, Уругвай, Парагвай деген эки өлкөнү негиздеген. Экөө ар нерсени баштан өткөрүп, көрбөгөн кордукту көрүп, азыр бир топ такшалып да, тыңып да калган кези. Ошондуктан "кыкең" алардан көп нерсени үйрөнө алат!

Бул албетте, тамаша сөз, бирок тамашада чындыктын үлүшү бар дегендей, уругвайлык бир активист «Биз баштан көп нерсени өткөрдүк, силер бизден таалим алгыла» деп айтты.


Инвесторлор бал тилге салганда

Латын Американын түштүк-чыгышында, Атлантика мухитинин жээгинде жайгашкан Уругвайдын баш калаасы Монтевидео шаарында 12-октябрда кен казуу планына каршы ири жүрүш өттү.

Демонстрациянын алдында Дүйнөлүк тропикалык токой кыймылы
Темир кени үчүн ушул жайыттар "садага" чабылабы? сүрөт: WRM
Темир кени үчүн ушул жайыттар "садага" чабылабы? сүрөт: WRM
деп аталган уюштуруучу уюмдун
өкүлү Тереза Перес алар темир кенине каршы чыгып жатканын билдирди:

- Дал бүгүн бизде чоң митинг өткөнү жатат, беш миңдей киши катышат гo. Демонстранттар негизинен өлкөнүн борбордук аймагынан келишет, ал жерде темир каза турган чоң долбоор даярдалып жатат. Ачык казыла турган бул кен жергиликтүү тургундардын турмушун таш-талкан кылат, себеби мындагылар негизинен мал багышат. Британ-индиялык биргелешкен ишкана 100 миң гектар келген зор аймакта темир казабыз деп жатат.

Алтын-күмүш болобу, темир-жез болобу, кен казылса - чет элдик инвестициянын аркасы менен жергиликтүү элге жумуш орундары көбөйөт деп саналат. Кыргызстанда азыр Таластагы Талды-Булакты иштетип жаткан Коппер Голд компаниясы келечекте бул кенде 2 миң жумушчу орун түзүлөт деп божомолдойт.

Бирок илгери кен күрөк-керки менен казылчу, ал эми бүгүн эң алдыңкы техника жана өнүккөн технология колдонулат. Андыктан жумуш орундары да чектелүү.

Монтевидеодогу демонстрациянын катышуучулары, сүрөт: Uruguay sin megamineria
Монтевидеодогу демонстрациянын катышуучулары, сүрөт: Uruguay sin megamineria
​- Кен казуу өнөр-жайындагылар да «мал чарбасына караганда, биз көп кишиге жумуш беребиз» деп айтышат, бирок айрым изилдөө бул туура эмес аргумент экендигин көрсөтөт. Мал чарбасында дагы көп жумуш орундары бар, ал өлкөнүн келечегине коркунуч келтирбейт, жайыттарды, табигатты талкалабайт. Ал эми кен казылгандан кийин, ал жерде айыл-чарбасын мурдагыдай өнүктүрүү мүмкүн болбойт, - дейт Перес.

Дүйнөдөгү эң аз коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирген Уругвайда кен казуу иштери жакынкы жылдарда гана кулач жая баштаган, бирок анын коңшуларында бул тармак эбактан бери бар.

Талды-Булакты иштетип жаткан биргелешкен ишкананын башкы акция кармоочусу - түштүк африкалык Голф-фиелд ишканасы. Голд-фиелддин Латын Америкадагы Перу өлкөсүндөгү Чукапака кенинде 750 миллион доллардык биргелешкен долбоору бар. Бул ишкананын Талды-Булак боюнча өкүлү ("Талас Коппер Голд" ишканасынын жетекчиси) Давид Гранттын айтымында, Перудагы бул кенде да Таластагыдай толкундоолор болгон. Жер алдындагы байлыктары көп Перуда кен иштетүүгө байланышкан тополоңдор айрыкча ушул жайда күчөп, июндун этегиндеги кагылыштарда беш киши набыт болгон эле.


Кендин анты

Кен тармагынын башкы кесепеттери ден-соолуктун
Латын Америкасында элдер чет элдик инвестициялардан көп жапа чеккен, сүрөт: Uruguay sin megamineria
Латын Америкасында элдер чет элдик инвестициялардан көп жапа чеккен, сүрөт: Uruguay sin megamineria
​начарлашына, суунун жана жаратылыштын булганышына байланышкан. АКШда жайгашкан Earth Work уюмунун маалыматында, тоолуу кен тармагы АКШдагы эң башкы ууландыргыч-булгоочу болуп саналат, өлкөнүн батышындагы тоо сууларынын 40 пайызын булгаган. Бул уюм 1998-жылы Кыргызстанда "Кумтөр" кенине цианид ташып бараткан машина кыйраган Барскоон кырсыгынын кесепетин иликтөөгө өз адисин жиберген.

Бир кездерде алтындын көбү АКШ, Канада, Австралия сыяктуу өлкөлөрдө өндүрүлгөн, бирок эко-системаны калыбына келтирүүнүн чыгымдары өтө жогору болгондуктан, алтын компаниялары мыйзамдары анчейин катаң болбогон өлкөлөргө оой башташкан. Мындай өлкөлөрдө айрыкча коррупцияга байланыштуу мыйзамдар аткарылбай, аткарылган күндө да кен казылгандан кийин, өрөөндөрдү жана жайыттарды толугу менен калыбына келтирүү эч мүмкүн болбошу мүмкүн:


Тереза Перес (солдо) жергиликтүү тургун менен, сүрөт: World Rainforest Movement
Тереза Перес (солдо) жергиликтүү тургун менен, сүрөт: World Rainforest Movement
- Уругвайдын жери негизинен чөп чабылчу, мал жайылчу жайыттардан турат. Бул жерлердин кыртышы миллиондогон жылдарда түптөлгөн. Мындай топуракты беш-он жылда калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Перес жалпы эле кен өндүрүшү өлкөнүн өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт деген түшүнүк чындык менен айкалышпайт деп эсептейт:

- Латын Америкасында кен казуу акыркы жүз жылдан бери индустриалдык деңгээлде жүрүп келаткан өлкөлөрдө компаниялар инвестиция алган мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошобуз деп айтышат, бирок жергиликтүү элге андан эч кандай пайда болбойт. Кен казган ишканалар сууну эбегейсиз көлөмдө колдонушат, жаратылышты өтө булгайт. Латын Америкасында компаниялар айткан артыкчылыктарды көрө алган жокпуз.

Акыйкаттык үчүн "кансыз" күрөш

"Акылдуу башкалардын катасынан үйрөнөт" демекчи, уругвайлыктар арасында бул тармактын пайдасынан зыяны көп болгондуктан, кендерди казбай эле, жерде калтырып, өз эмгегибиз менен жашайлы деген ишеним үстөмдүк кылат. Мындай пикирди калыптандырууда активисттер митинг, демонстрациялар менен чектелбейт.

Улуттук деңгээлдеги экологиялык коалицияга кирген жүздөгөн уюмдар эл арасында семинар-талкууларды өткөрүп, радио-теледен чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. «Бүгүнкүдөй пикетке чыгуу бизде экологиялык ишмердүүлүктүн бир гана түрү», - дейт Перес.

XS
SM
MD
LG